❗️Сынактын шарттары:
Конкурска катышуучулардын жаш курагы 17 жаштан 35 жашка чейин уруксат;
Сынакта конкурсант патриоттук ырларды аткарууга тийиш;
Ар бир конкурсант 1 гана чыгарма аткарат;
Эгерде эстрадалык ыр болсо минусун колдонуп, жандуу үн менен аткаруу керек же музыкалык инструменттердин коштоосунда аткарса болот;
Ушул Жободо көрсөтүлгөн мөөнөттө катышуучу өзү жөнүндө жана конкурстук чыгарма жөнүндө толук маалымат берүү менен гана сынакка каттала алат:
– иштегендиги же окугандыгы жөнүндө маалымкат жана паспорт копиясы, телефон номери;
– чыгарманынын автору жана кайсыл аспапта же минуста аткарыла тургандыгы жөнүндө.
❗️Баалоонун критерийлери:
Үндөгү дикция, артикуляция, жогорку техникалык табылгалар, диапозону, тембри, вокалдык тазалыгы.
Сахна маданияты, кийим жарашыгы жана өзгөчөлүгү;
Ийкемдүүлүгү, грация, кыймыл аракети;
Тематикага туура келбеген чыгармалар бааланбайт.
❗️Кароо-сынактын жеңүүчүлөрү:
Жеңүүчүлөр I , II жана III байгелүү орундары, ардак грамота, диплом жана кызыктыруучу белектер менен сыйланат;
❗️Сынактын өтүлүүчү убагы:
Кароо-сынак 2024-жылдын 21-февралында саат 10:00дө Ош мамлекеттик университетинин ЧАЗында өтүлөт ;
Документтерди кабыл алуу 30-январдандан 15-февралга чейин Ош шаарынын маданият башкармалыгында жүргүзүлөт;
Байл.номерлер: 0707-58-95-73,0776-00-66-00