Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен “Татыктуу жашоо” долбоорунун алкагында «ДИА» коомдук фонду, Интернешнл Алерт уюму жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду тарабынан “Алымбек-Датка” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы 9 үй-бүлөгө ишмердүүлүгүн баштоо үчүн грантттык негизде 13 өндүрүштүк тигүү машиналары, үтүк, үтүктөө үчүн стол, попкорн чыгаруучу аппаратттар жана ноутбуктар тапшырылды.
Аталган долбоордун алкагында өткөн жылдын апрель айында “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынан тандалып алынган 13 үй-бүлөнүн бизнес-пландары боюнча өз ишмердүүлүгүн баштоого гранттык негизде чакан тигүү жана шириндиктер бышыруучу жабдуулар, үй-канаттуулары, ижарага берүүгө казан-очоктор берилип, үй-бүлөлөр ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатышат.
Долбоорго катышкан үй-бүлөлөр социалдык укуктарын коргоо жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча бир катар окуутуулардан өтүштү.
Окуулардан өткөн үй-бүлөлөр киреше алып келүүчү ишмердүүлүгүн ишке ашыруу үчүн чакан грант алууга бизнес-пландарын түзүп чыгышкан. Алардын бизнес-пландары гранттык комиссия тарабынан бааланып, тандалган.
Белгилей кетсек, “Татыктуу жашоо” долбоору үй-бүлөлөрдүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аркылуу үй-бүлөлүк зомбулукту азайтууга багытталган.