А. Масалиев көчөсүндөгү жолду асфальттоо иштеринин 3-этабынын жүрүшү Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун жеке көзөмөлүндө.
Учурда жол тилкесинде бордюрлар төшөлүүдө.
Калаа башчысынын тапшырмасына ылайык, бордюрларды орнотуу иштерине кошумча жумушчу бригадасы тартылган.
Жакынкы күндөрдө бардык иштер бүткөрүлүп, жол сызыктарын чийүү иштери башталат.