Эртең, 2-июль күнү Ош шаарындагы №18 А.Навои атындагы мектеп-лицейинде Омск, Томск жана Новосибирск (РФ) шаарларынын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуу боюнча кабыл алуу комиссиясы иштейт.
Комиссиянын иштөө убактысы саат 11:00дөн 17:00гө чейин.
Абитуриенттер онлайн турдө Кыргызстандан Орусиянын төмөнкү жогорку окуу жайларына тапшырышса болот:
• Омск мамлекеттик техникалык университети (ОмГТУ)
• Омск мамлекеттик транспорт университети (ОмГУПС)
• Омск мамлекеттик медициналык университети (ОмГМУ)
Абитуриенттер жана алардын ата-энелери үчүн жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү тарабынан ар тараптуу жардамдар көрсөтүлүп, акысыз кеңештер берилет.
Байланыш телефону: +996700207172