Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында административдик-аймактык реформа боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун Жарлыгын ишке ашыруу максатында түзүлгөн жумушчу топтун алгачкы отуруму өттү.
Мында иш-чаралардын планын түзүү, сунуштарды берүү, кошулган аймактар боюнча ар бир тармак өзүнө таандык болгон маселелерди карап чыгып, сунуш киргизүү боюнча мөөнөттөр белгиленип берилди.