Бүгүн, Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата жана Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген мугалими Сыдык Алайчиевдин элесине арналган “Агартуучулук – Билим берүүнүн өзөгү” аттуу илимий форум болуп өттү.
Илимий-форум агартуучулукка арналып, анын алкагында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү – Кыргызстандын саясий системасынын башаты, Сыдык Алайчиевдин акындар чыгармачылыгындагы орду жана этнопедагогикалык маселелер жана Жусуп Абдрахманов тууралуу баяндамалар жасалды. Ошондой эле, Сыдык Алайчиев жөнүндө видеотасма көрсөтүлдү.