Бүгүн, С. Ибраимов атындагы улуттук драма театрында “Айыл чарбасы климаттын өзгөрүүсүнүн шартында” аталышында “Агро Экспо 2024” көргөзмө-жарманкесинин ачылышы болуп, ага Түркия, Орусия, Чехия, АКШ жана Кыргызстандын бардык аймактарынан 40ка жакын дыйкан-фермерлер, айыл чарба ишканалары жана өндүрүшчүлөрү катышууда.
Иш-чаранын алкагында айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн ар кайсы тармактарда айыл чарбасын жакшыртуу жана өнүктүрүү боюнча маалыматтык сессиялар жана презентациялар өткөрүлүүдө.
Көргөзмө-жарманке Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен TES-центр коомдук фонду тарабынан айыл чарбасындагы өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын, үрөндөрдү, технологияларды жана кызматтарды берүүчүлөрдү дыйкандар менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүн түзүү максатында жыл сайын өткөрүлүп келет.