Бүгүн 1-марттан тарта Ош шаарынан аймактар аралык жүргүнчүлөрдү ташуучу бардык каттамдар шаардык автобекеттен гана каттай баштайт.
Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов автобекеттеги айдоочулар менен болгон жолугушууда билдирди.
Аталган чечим жарандардын кайрылууларына ылайык жана жол тыгындарынын, кырсыктардын алдын алуу максатында кабыл алынган.
Анткени шаардан башка райондорго жүргүнчүлөрдү ташуучу таксилер жолдун ар кайсы жерине чогулушуп, шаар тургундары үчүн тоскоолдуктарды жана ыңгайсыздыктарды жаратып келген.
Эгерде сиз жашаган аймакта жүргүнчүлөрдү ташууда эреже бузууну байкасаңыз 102 же 0550 77-12-77 телефондору аркылуу байланышып, билдирүү калтырыңыз.