Ишкерлердин көңүлүнө!
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү көзөмөлдөө боюнча Мамлекеттик агенттик алкоголдук продукцияларды сатууга лицензия алуу жол-жобосу жөнөкөйлөштүрүлгөндүгүнө байланыштуу төмөнкү документтер талап кылынат:
жеке адамдар үчүн:
– паспорттун көчүрмөсү;
– жеке ишкерди каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
– мамлекеттик алым төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция (500 сом).
юридикалык жактар үчүн:
– юридикалык жактын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
– уюштуруу документтеринин көчүрмөсү (өзүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн);
– мамлекеттик алым төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция (1000 сом).