Бүгүн, Ош шаарынын мэри «Амир-Тимур» муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Ладовский көчөсүндө салынып жаткан 100 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу менен жеринен таанышты.
Мында курулуш иши 90 пайызга бүтүп калган. Учурда бала бакчанын аймагын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, имараттын сыртын сырдоо, чарбалык курулуштарды уюштуруу боюнча ар тараптуу жумуштар жүргүзүлүүдө.
Бала бакчанын курулушу толугу менен август айынын башында аяктайт.