Сынактын эрежеси жана катышуунун шарттары:
Сынакка жарыя чыккан күндөн тарта 2024-жылдын 28-ноябрь саат 18:00 чейин каттоо жүргүзүлөт (өздүгүн аныктаган документтердин көчүрмөлөрү паспорт, күбөлүк ж.б);
Жаш курагы 14 жаштан 40 жашка чейинкилер;
Катышуучулар кол өнөрчүлүктүн каалаган багыты боюнча катыша алышат ( курак, токуу, саймачылык, асем буюмдар, зер буюмдар, жыгачтан жасалган буюмдар жана башка ушулар сыяктуу) ;
Конкурстук ишти 28-ноябрга чейин Ош шаардык маданият башкармалыгына жеткирип берүү зарыл;
Сынакка автордун бир же бир нече иштер катыша алат.
Сынакты өткөрүү мөөнөтү:
Конкурска каттоо 2023-жылдын 28-ноябрга чейин жүргүзүлөт;
Кароо-сынак 29-ноябрь , ал эми сыйлоо аземи 3-декабрь күнү өткөрүлөт (дареги тууралуу дагы кошумча маалымат берилет).
Сынактын сыйлыктары:
Жеңүүчүлөргө кызыктыруучу белектер, демөөрчүлөрдүн сыйлыктары жана маданият башкармалыгынын диплом, ыраазычылык баракчалары ыйгарылат.
Кеңири маалымат алуу үчүн: 0226 69 28 28