Жогорку Кеңештин депутаттары Ош шаарындагы ири инфраструктуралык долбоорлор менен таанышты

Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Түмөнбаев, Нурбек Сыдыгалиев жана Данияр Толонов Ош шаарында ишке ашырылып жаткан жана алдыда курулушу пландалган ири инфраструктуралык долбоорлор менен таанышты.
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев эл өкүлдөрүнө шаардагы курулуштардын жүрүшү, жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү жана жаңы социалдык объектилерди куруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат берди.
Иш сапардын алкагында депутаттар “Достук” айлампасында курулуп жаткан заманбап транспорттук түйүн, алты тилкелүү Б. Осмонов көчөсү жана А. Сүйүмбаев атындагы стадион менен таанышты.
“Достук” айлампасындагы долбоордун алкагында транспорттук түйүн, 4 пандус, 8 тепкич жана жер алдындагы жөө жүргүнчүлөр өтмөгү курулат. Бул иштер шаардагы унаа тыгындарын азайтууга, жол кыймылын жакшыртууга жана жөө жүргүнчүлөр үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө багытталган.
Ошондой эле шаар башчысы заманбап “Ош Арена” спорттук-маданий комплексинин курулушу башталарын маалымдады. Аталган объект шаардагы спортту жана маданиятты өнүктүрүүгө, ири спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзөт.
Өз кезегинде Жогорку Кеңештин депутаттары Ош шаарында ишке ашырылып жаткан инфраструктуралык долбоорлор учурдун талабына жооп берерин белгилешип, жол-транспорт тармагын жаңылоо жана заманбап спорттук объектилерди куруу шаарды өнүктүрүүдөгү маанилүү жана туура чечимдер экенин баса белгилешти.

Окшош жаңылыктар

894543198_1479362711049288_2617104180414827921_n

Ош шаарынын мэриясынын делегациясы Беларусь жана Кыргызстан аймактарынын I форумунун алкагында Гомель шаарына барды

899631100_1479273244391568_9055588578480961260_n

Мэр жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алды

899790407_1479211631064396_9140298312099927154_n

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев шаар тургундары менен жолугушууларды өткөрөт

images (1)

“Асман” көп кабаттуу үйдүн тургундарынын көйгөйлөрү жеринен каралды

images

Ош аэропортуна баруучу жол тилкесиндеги жашыл аймак жаңыланат

899402406_1478326997819526_7206384964155506670_n

Алтын күз — Ош шаарынын өзгөчө ажары! (фото)