Борбордук аянтта сейил бак ачылды

Бүгүн, 30-августта Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата КР Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда онлайн режимде борбордук аянттагы оргуманын жана сейил бактын ачылышы болду. Аталган курулуш шаар аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында ишке ашырылды. Бул жерде 40ка жакын заманбап отургучтар, светодиоддор, 4 оргума, заманбап жарыктандыруу системалары орнотулган.
Ош шаарында эки өнөр жай ишканасы ачылды

Бүгүн, 30-августта Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата КР Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда онлайн форматында «Алайкуу Органикс» ЖЧКсынын жаңы логистикалык борборунун, «Досмарко» ЖЧКсынын текстиль буюмдарын чыгаруучу ишканасынын ачылышы болду. Белгилей кетсек, «Алайку Органикс» жоопкерчилиги чектелген коомунун кургатылган мөмө-жемиштерди сактоочу жана иштетүүчү 50 тонналык логистикалык борборунда 15 адис […]
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата көргөзмө ачылды

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата бүгүн, “Сулайман-Тоо” музей комплексинде “Кылым карыткан тарых жана улуу мурас” аттуу тарыхый-архивдик документтердин көргөзмөсү өттү. Көргөзмөгө Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарымдуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана студенттер катышышты. Кийинки муундарга улуу мурасты жеткирүү жана тааныштыруу максатында […]
Көп балалуу энелерге “Баатыр эне” жана “Эне даңкы” наамдары ыйгарылды

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында көп балалуу энелерге “Баатыр эне” орденин жана “Эне даңкы” медалдарын тапшыруу аземи болуп өттү. Аземге Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров катышып, коомдун өнүгүшүнө жана келечек муундун калыптанышына өзгөчө салым кошкон, наам ээлерин алган жогорку сыйлыктары менен куттуктады. Белгилей кетсек, КР Президентинин жарлыгына ылайык, бүгүн “Баатыр эне” ордени менен 15, […]
Жаңы муниципалдык базарды куруу иштери эки нөөмөттө жүрүүдө

Учурда базардын жалпы конструкциялык каркастарын ширетүү жана орнотуу, коммуналдык тутумдарын кошуу, кире беришиндеги фасадды куруу боюнча ар тараптуу иштер аткарылууда. Ошондой эле төрт тараптан базарга кирүүчү жаңы кошумча жолдорду ачуу иштери дагы жүргүзүлүп жатат. Алсак, курулуп жаткан муниципалдык базардан Курманжан датка көчөсүнө кошулган Шамшат көчөсүнө чейинки аралыктагы жолду кеңейтүү жана асфальттоо боюнча жумуштар жасалууда. Мындан […]
Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары!

31-август, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 33 жылдыгына жана Кара кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Ош шаарында бир катар майрамдык иш-чаралар өтөт. Алсак, күндүзгү иш-чаралар саат 9:00дөн тарта Т.Сатылганов атындагы эс алуу багында башталат. Мында жайкы театрдын ачылыш аземи, концерттик программалар, сүрөтчүлөр көргөзмөсү, 33 жаш баланын тушоо кесүүсү жана улуттук спорт оюндары өтөт. Ошондой […]
Ош шаарында мугалимдердин август кеңешмеси өттү

Бабур театрында бүгүн, «Билим берүүгө 100 жыл: трансформация чакырыктар жана жаңы горизонттор» аталышында мугалимдердин кезектеги жылдык август кеңешмеси болуп өттү. Кеңешмеге Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркул Кендирбаева, шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Салтанат Аматова, ЮНИСЕФ өкүлдөрү, билим берүү мекемелеринин жетекчилери, […]
27-августта Ош шаарында жаңы №49 муниципалдык автобустар каттамга чыгат

Белгилей кетсек, аталган каттам №149 кичи автобус каттамын алмаштырат жана кыймыл багыты өзгөрбөйт. Каттам Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш (Юго-Восток) кичи районунан Кыргыз чек айылына чейин жүрөт. Жаңы автобустук каттам 19 коомдук транспорттун аялдамасын камтыйт.
Ош шаарында кулчулуктун курмандыктарын эскерүүнүн жана анын жоюунун эл аралык күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү

Бабур атындагы театрда бүгүн Кулчулуктун курмандыктарын эскерүүнүн жана анын жоюунун эл аралык күнүнө карата иш-чара болуп өттү. Аталган иш-чара «Адам сатууга каршы 100 күн» маалыматтык өнөктүгү алкагында өткөрүлдү. Иш-чарада чет өлкөгө жумуш издеп кетүүнү каалаган жарандар үчүн бош орундардын жарманкеси уюштурулуп, коопсуз миграция боюнча тиешелүү кызматтар тарабынан маалыматтар берилди. Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек […]
Ж.Раимбеков (зайнабетдинов) көчөсү толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди

Көчөдө соода-сатык жана коомдук тамактануучу жайлар талапка шайкеш келтирүү, жашыл аймактарда тамчылатып сугаруу тутумун орнотуу, тротуарларга таман таштарды басуу, көрктөндүрүү, жарыктандыруу, жашылдандыруу боюнча ар тараптуу жумуштар жүргүзүлгөн. Жасалган жумуштарды Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов көрүп чыкты. Ал эми аймактын жашоочуларына маданият кызматкерлери тарабынан концерттик программа тартууланып, майрамдык маанай түзүлдү.