Бүгүн, Ош шаарынын мэриясы тарабынан 1-декабрь – Бүткүл дүйнөлүк АИВ/СПИД илдетине каршы күрөшүү күнүнө карата бир айлык өнөктүк жыйынтыкталып, Т. Сатылганов эс алуу багында жыйынтыктоочу иш-чара өттү.
Иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын, Ош облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана АИВке каршы күрөшүү борборунун, Кызыл ай коомунун өкүлдөрү, Ош шаарынын тургундары катышып, анын алкагында ыктыярчылардын флешмобу, маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.
Белгилей кетсек, Ош шаарында 1-ноябрдан тарта АИВ-инфекциясын эрте табуу, аялдар жана балдар арасында илдеттин жаңы учурларын алдын алуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.