Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Өзбекстан Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хуршид Мирзахидовду кабыл алып, эки тараптуу мамилелер жигердүү өнүгүп жатканы белгиленди.
Тараптар социалдык-экономикалык, соода-өндүрүштүк, маданий-гуманитардык, туризм жана башка келечектүү багыттарда кызматташууну чыңдоо, Өзбекстан Республикасынын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун ишмердүүлүгүн уюштуруу маселелери боюнча сүйлөшүштү.
Жолугушуунун соңунда, тараптар мындан аркы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча макулдашышты.