Кыргыз Республикасынын эмгек кодексине ылайык түзүлгөн иш мерчемдин негизинде Ош шаарынын мэриясы, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, КРнын Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө кызматы жана Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери биргеликте “Өспүрүм-эмгек” аталышындагы алдын алуу иш-чарасын өткөрүштү.
Рейд кылмыштуулуктун жана жаш өспүрүмдөрдүн оор жумуштарга тартылуусун көзөмөлдөө максатында, “Кудайберди” унаа тетиктер базарында жүрдү.
Мында жумуш берүүчүлөр менен жашы жете элек өспүрүмдөрдүн ортосундагы эмгек мыйзамын сактоо, аларды оор жана төмөнкү жумуштарга тартууда укуктарынын коргоолусун камсыздоо, алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.