Ош шаарындагы борбордук базарда Ак-Буура дарыясынан өткөн, өз билемдик менен мыйзамсыз курулган көпүрөлөрдү алып салуу жана иретке келтирүү жумуштары башталды.
Сел ташкынын кесепеттерин жоюу максатында аткарылып жаткан бул иш-аракеттерге Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери, укук коргоо органдары жана муниципалдык аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү катышууда.