Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында, Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасы аркылуу ишке ашырылып жаткан долбоорлордун бет ачары болду. Ага уюмдун өкүлдөрү, муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Жыйында ишке ашырылып жаткан жаштардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, социалдык теңдикке жетүү долбоорлоруна колдоо көрсөтүү талкууланды.
Борбор Азияда зордук-зомбулукту алдын алуу үчүн коомдогу туруктуулукту сактоо, жаштар борборун уюштуруу боюнча жаңы үч долбоордун концепциясы жана максаттары талкууланып, сунуш-пикирлер айтылды.