Мектептердин аймактарындагы соода объекттеринде зыяндуу азыктарды сатууга тыюу салынууда

Ош шаарындагы мектептердин аймактарынан 100 метр радиуста жайгашкан соода объекттеринде зыяндуу тамак-аш азыктарын сатууга тыюу салуу боюнча рейддик иш-чаралар башталды. Анын алкагында санитардык-эпидемиологиялык кызмат (СЭС) тарабынан зыяндуу деп табылган азыктар сатуудан алынып салынды. Бул чаралар мектеп окуучуларынын ден соолугун коргоо максатын көздөйт. Белгилей кетсек, соода түйүндөрүнүн ээлерине жогорудагы талаптарды сактоо боюнча алдын ала эскертүүлөр берилген.
Президент Садыр Жапаров төрт эм төрөлгөн үй-бүлөгө батир белек кылды

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Президент Садыр Жапаровдун атынан төрт эм төрөлгөн үй-бүлөгө үч бөлмөлүү батир белек кылды. Батир жаш наристелер үчүн ыңгайлуу шарттар менен толук камсыздалган. Керектүү балдар керебеттери жана коляскалар да тапшырылды. Бул колдоо мамлекет тарабынан үй-бүлөнүн жашоо шартын жакшыртуу жана наристелердин келечегине кам көрүү максатында көрсөтүлдү. Шаар мэри өлкө башчысынын атынан жаш […]
Өлкө боюнча айыл чарбасын каттоо башталды

Өлкө аймагында 20-марттан тарта айыл чарбасын каттоо расмий түрдө башталды. Бул өнөктүктү ишке ашыруу боюнча Ош шаарында 9 координатор, 45 инструктор, 233 каттоочу бекитилип, алар каттоо ишин жүргүзүп башташты. Каттоонун алкагында айыл чарба жерлери, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн эгин аянттары, жаныбарлардын жана канаттуулардын саны, айыл чарба техникалары, дыйкан (фермердик) чарбалардын жана жеке көмөкчү чарбалардын ишмердүүлүгү жөнүндө […]
Ош шаарында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди

Бүгүн, 21-март Ош шаарында Нооруз майрамына арналган маданий иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев, облус башчысы Аманкан Кенжебаев, Жонорку Кеңештин депутаттары, шаардык кеңештин депутаттары, чет элдик коноктор жана шаар тургундары катышты. Нооруз шаңы борбордук аянтта расмий коноктордун катышуусунда, улустун улуу күнүн даңазалаган театрлаштырылган сахналык көрүнүш менен башталды. Шаар мэри келген […]
Нооруз майрамы сүмөлөк ачуу менен башталды

Бүгүн, 21-март Нооруз майрамы Барпы Алыкулов сейил багында даярдалган сүмөлөк ачуу аземи менен башталды. Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев жана облус башчысы Аманкан Кенжебаев энелердин ак батасы менен жакшы тилектерди айтып, ынтымак, береке жана молчулук каалоо менен сүмөлөктөн ооз тийишти. Андан соң борбордук аянтта уюштурулган салтанаттуу маданий иш-чарага жол тартышты.
Сүмөлөк кайнап, тилектер айтылды: Ошто Нооруз майрамы башталды

Ош шаарындагы Барпы Алыкулов атындагы эс алуу багында Нооруз майрамына карата сүмөлөк кайнатуунун салттуу аземи жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Майрамдык иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Исраилов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, жогорку окуу жайлардын ректорлору, коомдук ишмерлер жана шаар тургундары катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Ош мамлекеттик университетинин өнөрпоздору тарабынан даярдалган концерттик […]
Ош шаарында таштандыларды утилдештирүүчү заманбап заводдун курулушу жанданат

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Кытай Эл Республикасынын алдыңкы экологиялык технологияларды колдонгон «Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест» компаниясынын башкы директору Дай Даого менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө шаар мэри таштандыларды утилдештирүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүүчү заманбап заводдун курулуш иштерин жандандырып, ишти активдүү жүргүзүү керектигин белгиледи. Ошондой эле жаралган бардык маселелер мэрия тарабынан каралып, чечилип бериле тургандыгын […]
Ош шаарында 75 мечитте Орозо айт намазы окулду

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов “Алай”атындагы Аль-Бухари мечитинде Айт намазына катышып, жалпы эл-журтту Орозо айт майрамы менен куттукташты. Шаар башчысы өз сөзүндө бул улуу майрам кечиримдүүлүк, мээримдүүлүк, айкөлдүк жана берешендик сыяктуу асыл сапаттарды даңазалап, адамдарды боорукерликке, сабырдуулукка жана кайрымдуулукка үндөй турганын белгиледи. Ошондой эле Орозо айт ар бир […]
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2026-жылдын 25-февралындагы № 01- 25/47 буйругу менен бекитилген “Аксакалдар сотторунун кеңеши жөнүндө” Жобо

Кыргыз Республикасынын Аксакалдар сотторунун кеңеши жөнүндө Жобо 1-бөлүм. Жалпы жоболор Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Аксакалдар сотторунун кеңешин (мындан ары – Кеңеш) түзүүнүн жана алардын ишин уюштуруунун тартибин аныктайт. Кеңеш аксакалдар сотторунун ишин координациялоо үчүн түзүлгөн консультативдик-координациялык орган болуп саналат жана коомдук башталышта иштейт. Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Аксакалдар соттору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, […]
Мэр Жанарбек Акаев жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алды

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алып, алардын кайрылууларын укту. Кабыл алууга мэриянын аппарат өкүлдөрү, муниципалдык мекеме-ишканалардын жана аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышты. Жарандар негизинен турак жай, курулуш, жер маселеси, коммуналдык кызматтар, коомдук транспорт жана имараттарды бузуу (снос) боюнча көйгөйлөрү менен кайрылышты. Ошондой эле жакында жаңы жайга көчүрүлгөн “Келечек” базарынын соодагерлери инфраструктураны […]