Ош шаарында жазгы үч айлыктын алкагында жалпы ишембилик өтүүдө

Ош шаарынын аймагында жазгы үч айлыктын алкагында жалпы ишембилик өтүүдө. Ишембиликке шаардагы бардык мекеме-ишканалардын кызматкерлери, айылдык, муниципалдык аймактык башкармалыктар, жогорку, орто, кесиптик окуу жайлары жана шаар тургундары катышууда. Бул жолу 26-марттагы штабдын үчүнчү жыйынында берилген тапшырмага ылайык шаардагы бак-дарактарды актоо иштери жүрүүдө. Ошондой эле шаардагы парктар, эс алуу жайлары, көчөлөр, имараттардын алды иретке келтирилүүдө. Мындан […]
Бүгүн рекультивацияланган 2 көрүстөнгө көчөттөр отургузулду

Бүгүнкү ишембиликте Ош шаарындагы Ак-Гөр жана Мажүрүм-Тал көрүстөндөрүнө көчөттөр эгилип, эски жайды экологиялык жактан калыбына келтирүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү. А. Шакиров көчөсүндө жайгашкан Ак-Гөр көрүстөнүн көрктөндүрүү иштерине жогорку окуу жайлар да тартылып, Ош мамлекеттик университетинин жардамында 4 түрдүү көчөттөр отургузулду. Ал эми Мажүрүм-Тал көрүстөнүнө 250дөн ашуун эмен дарагы эгилип, көчөттөр Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу […]
Ош шаарында театр күнү белгиленди

Ош шаарында Эл аралык театр күнү белгиленип, С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры, Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек музыкалык драма театры жана Жаштар театрынын кызматкерлери сыйланышты. Ошондой эле Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек музыкалык драма театрында майрамдык иш-чара өткөрүлүп, театрдын актёрлору жана артисттери катышкан концерттик программа тартууланды. Майрамга шаардык мэриянын өкүлдөрү катышып, мэрдин атынан […]
Ош шаарында рекультивацияланган көрүстөндөрдү жашылдандыруу иштери уланууда

Ош шаарынын Озгур айылындагы эски көрүстөндө экологиялык жактан калыбына келтирүү жана жашылдандыруу максатында көчөт отургузуу иш-чарасы өткөрүлдү. Саамалык алгач маркумдарга багышталып куран окулуп, айыл аксакалдарынын ак батасы менен башталды. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Франциянын, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилери, жогорку окуу жайлардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты. Озгур […]
Ошто “Биз баарыбыз бирдейбиз” аттуу кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлдү

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Камчыбек Досматов “Алтын алакан” ден соолукту чыңдоо борборунун “Биз баарыбыз бирдейбиз” аталышындагы кайрымдуулук иш-чарасына катышты. Иш-чарада майыптыгы бар балдардын муктаждыктары, күнүмдүк көйгөйлөрү, аларга түзүлгөн шарттар жана бүгүнкү күндөгү көрсөтүлүп жаткан камкордуктар тууралуу […]
Ош шаарында жазгы үч айлыктын алкагында түзүлгөн штабдын үчүнчү жыйыны өткөрүлдү

Ош шаарында жарыяланган жазгы үч айлыктын алкагында түзүлгөн штабдын үчүнчү жыйыны өткөрүлдү. Ага Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, айылдык аймактык жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары, штабдын жалпы мүчөлөрү катышты. Жыйында 12-марттагы экинчи штабдык чогулушта берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча маалыматтар алынып, келе жаткан ишемби күнү, 28-мартта жалпы шаардык ишембиликти уюшкандыкта өткөрүү боюнча […]
үгүн Ош шаарындагы “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде туристтик сезондун ачылышына арналган “Ош менен Сулайман-Тоо сооданын жана маданияттын көпүрөсү” аттуу иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, ошондой эле Орусия, Казакстан жана Өзбекстандын Ош шаарындагы консулдуктары, коомдук уюмдар, туроператорлор, ички жана чет элдик туристтер, кол өнөрчүлөр жана жергиликтүү тургундар катышты. Туристтик сезондун ачылышына карата улуттук даамдардын көргөзмөсү, кол өнөрчүлүк, сүрөт жана сувенир жарманкеси көргөзүлүп, жаңы сезонго карата жаңылыктардын презентациясы тааныштырылды. […]
Мэр Жанарбек Акаев: “Балдардын өлүмү – бүтүндөй өлкө үчүн чоң трагедия”

Ош шаарында милициянын кайгуул кызмат бөлүмү тарабынан “Коопсуз кадам – жаркын келечек” аттуу форум өттү. Форумга шаар мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы, окучуулар жана ата-энелер катышты. Шаар башчысы өнүккөн өлкөлөрдө жол кырсыгынан каза болгон балдардын өлүмү чоң трагедия катары кабыл алынарын белгилеп, бизде мындай учурлар көбүнчө жөн […]
Мэр Жанарбек Акаев Сулайман-Тоону айланта веложол жана жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар куруу керектигин белгиледи

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев маданият тармагы боюнча маселелерди талкуулоо боюнча жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексин реконструкциялоо боюнча долбоордун презентациясы тааныштырылды. Шаар мэри долбоорду ишке ашырууда чечкиндүү кадамдар керектигин белгилеп, Сулайман-Тоону айланта веложол жана жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар курууну сунуштады. Долбоорго […]
Ошто жаңы жашыл аймак түптөлүүдө: бир күндө 1300 көчөт отургузулду

Бүгүн Ош шаарындагы Э.Алиев көчөсүндө жайгашкан, мурда рекультивацияланган Хохлова көрүстөнүнүн аймагында кеңири масштабдагы жашылдандыруу иш-чарасы өткөрүлдү. Долбоордун негизги максаты — шаардагы экологиялык абалды жакшыртып, жаңы эс алуу жана жашыл мейкиндиктерди түзүү. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, шаардык кеңештин төрагасы, коомдук ишмерлер, аксакалдар, […]