Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Ош шаарындагы курулуш объекттери толугу менен бүтөт

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев шаардагы курулуш иштерин жүргүзүп жаткан подрядчик ишкерлер менен жолугушуп, 14-марттагы жыйында көтөрүлгөн көйгөйлөрдүн чечилгендиги тууралуу маалымат беришти. Министр шаардагы курулуш маселелерин эки этапта караларын, курулушу аяктаган 9 объект боюнча атайын комиссиянын корутундусуна ылайык акча каражаты бөлүнөөрүн, ал эми курулушу башталып, […]
Ош шаарында коммуналдык чарба кызматкерлери сыйланды

Ош шаарында коммуналдык чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата салтанаттуу иш-чара өтүп, ага шаар мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жана тармактын кызматкерлери катышты. Шаар башчысы коммуналдык чарба тармагы шаар турмушунун туруктуу иштешин камсыздап, калктын жашоо сапатына түз таасир эткен маанилүү тармак экенин белгилеп, тармак кызматкерлерин майрамы менен куттуктады. Ошондой эле […]
Ош шаарынын Кызыл-Байрак айылына 500 орундуу жаңы мектептин курулушу пландалууда

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Ош шаарынын Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Кызыл-Байрак айылына барып, жаңы мектеп куруу өтүнүчү менен кайрылган жергиликтүү тургундар менен жолукту. Аталган аймактагы М. Маматалиев атындагы №60 мектеп 200 окуучуга ылайыкталганына карабастан, учурда анда 400дөн ашуун окуучу билим алууда. Ушуга байланыштуу жергиликтүү тургундар жаңы мектеп куруу өтүнүчү менен кайрылышкан. Жанарбек Акаев […]
«Аял ишкерлер жана санариптик трансформация» аттуу уникалдуу программа APCICT – UN ESCAP тарабынан уюштурулуп, Women in Tech Kyrgyzstan жана Bizdin Ayimdar менен биргеликте өткөрүлөт.

2026-жылдын 13–15-апрели (офлайн) — бул сизге санариптик жана бизнес көндүмдөрүңүздү өнүктүрүүгө жана санариптик экономикадагы ишкердиктин инновациялык ыкмалары менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Программанын негизги темалары: E-commerce жана санариптик маркетинг боюнча практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүү. Бизнес чечимдерин негиздүү кабыл алуу үчүн маалыматтарды талдоо боюнча билим алуу. Бизнес өсүшү үчүн жасалма интеллектти кантип колдонуу керектигин үйрөнүү. Санариптик инструменттердин жардамы […]
Ош шаарында жаңы өндүрүш зоналары түзүлөт

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен бирге шаар четинде жайгашкан, келечекте өндүрүштүк зоналарды түзүүгө ыңгайлуу аймактарга барып, ал жерлердин учурдагы абалы жана мүмкүнчүлүктөрү менен жеринен таанышты. Калаа башчысы белгиленген аймактарга жаңы өндүрүштүк зоналарды куруу шаардын экономикалык өсүшүнө чоң салым кошорун, ошондой эле ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, жергиликтүү тургундарды туруктуу жумуш менен […]
“Санаторий сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүтүрүлүшү керек” — мэр Жанарбек Акаев

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Төлөйкөн айылында жайгашкан санаторийде жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты. Калаа башчысы тиешелүү кызматтарга жана жооптуу жетекчилерге курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүп, белгиленген мөөнөттө жана талапка ылайык бүтүрүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди. Мэр мындай объектилерди жаңылоо шаар тургундарынын жана келген коноктордун ден соолугун чыңдоого, ошондой эле эс алуу шарттарын […]
Мэр Жанарбек Акаев жана министр Нурдан Орунтаев Ош шаарында курулуш иштерин жүргүзгөн ишкерлер менен жолугушту

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош шаарында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан подрядчы ишкерлер менен жолугушту. Жыйынга тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жана курулуш компанияларынын өкүлдөрү катышты. Жолугушууда министр курулуш тармагындагы механизмдер жана иштерди мыйзамдуу жүргүзүү тартиби тууралуу маалымат берди. Ошондой эле Ош шаарындагы айрым курулуш объекттери тиешелүү […]
Ошто мэр Жанарбек Акаевдин демилгеси менен жалпы ишембилик өткөрүлүүдө

Бүгүн Ош шаарында шаар мэри Жанарбек Акаевдин демилгеси менен жазгы үч айлыктын алкагында жалпы ишембилик экинчи ирет өткөрүлүүдө. Ага мекеме-ишканалардын кызматкерлери, окуу жайлардын жамааттары, билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарынын өкүлдөрү, ошондой эле шаар тургундары катышууда. Ишембиликке атайын техникалар тартылып, катышуучулар керектүү шаймандар менен камсыздалды. Учурда негизинен Ак-Буура дарыясынын ички бөлүгү жана жээктери тазаланып, таштандылар, […]
Жанарбек Акаев: «Алай» футбол клубуна мэрия тарабынан колдоо күчөтүлөт

Ош шаарындагы «Алай» футбол клубу өлкө биринчилигинин алкагындагы үчүнчү беттешин өз майданында өткөрүп, Кара-Балта шаарындагы «Кыргыз Алтын» командасы менен күч сынашты. Беттешке Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин депутаттары жана көптөгөн күйөрмандар катышты. Оюндун алдында шаар башчысы сөз сүйлөп, «Алай» футбол клубу Ош шаарынын намысын коргоп келе жаткан команда экенин белгилеп, мэрия тарабынан клубга […]
Курманжан датка көчөсүнө 300 даана акация көчөтү отургузулду

Бүгүн Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүнө 300 даана акация (робиния) дарагы отургузулду. Шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштеринин алкагында жүргүзүлүп жаткан көчөт тигүү иш-чарасына мэрдин орун басары Эрнис Толтоев катышты. Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты тарабынан быйылкы жылга карата шаар аймагына 1340 даана акация көчөтүн отургузуу пландаштырылуда. Белгилей кетсек, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин тапшырмасына […]