Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин Энелер күнүнө карата куттуктоосу

Урматтуу энелер, апалар, аялзат! Сиздерди Энелер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Эне – бул мээримдин, сабырдын, өзүн аябаган эмгектин символу. Үй-бүлөнүн жылуулугу, балдардын келечеги, коомдун тынчтыгы силердин колуңарда. Сиздердин ак батаңыздар, акыл-насаатыңыздар ар бир үйдүн нуру, шаардын берекеси. Президентибиз билдиргендей, сиздер урпак гана улабастан, шаарга, өлкөгө керектүү эр-азаматтарды тарбиялап келесиздер. Ош шаарынын өнүгүүсүнө, жаш муунду […]
”Керме-Тоо” аймагы: Жергиликтүүлөрдүн көйгөйү жерде калбайт!

12-май, Ош шаары Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев “Керме-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугууда. Жарандар социалдык мекемелерди, көп кабаттуу үйлөрдүн балдар ойноочу аянтчаларын, тротуар куруу сыяктуу инфраструктуралык багыттагы суроолорду беришти. Ошондой эле жолугушууга “Келечек” базарынын соодагерлери базарда мыйзамсыз аракеттер жүрүп жатканын айтып даттанышты. Мэр тийиштүү кызматтарга жеринен тапшырма берип, аталган маселе боюнча чечим […]
Санкт-Петербург көчөсү пайдаланууга берилди

Бүгүн, 9-май — Улуу Жеңиш күнүнө карата Ош шаарындагы Санкт-Петербург көчөсү реконструкциядан кийин ачылып, пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, Россия Федерациясынын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун өкүлдөрү, Өзбекстандын Ош шаарындагы консулдугунун өкүлдөрү, “Орус үйүнүн” кызматкерлери, шаар тургундары жана коноктор катышты. Бул көчө 49-көчө менен кесилишип, Мамыров көчөсүнө […]
«Өлбөс полк»: Миңге чукул тургун баатырлардын сүрөтүн көтөрүп чыкты

Ош шаары, 9-май Улуу Жеңиштин 81 жылдыгы Ош шаарында салтка айланган «Өлбөс полк» жүрүшү менен башталды. Эрте менен шаардын негизги Алымбек Датка көчөсүн бойлой Борбордук аянтка чейин миңге чукул калаа тургуну чогулуп, Улуу Ата Мекендик согушка катышкан чоң аталарынын, жакындарынын сүрөттөрүн көтөрүштү. Жүрүшкө Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, Президенттин Ош […]
Сүйүнбаев көчөсүндөгү жаңы көпүрө пайдаланууга берилди

Бүгүн, 1-май күнү Ош шаарындагы Сүйүнбаев көчөсүндө жайгашкан жаңы көпүрө пайдаланууга берилди. Курулуш иштери мындан туура 2 ай мурун башталып, кыска мөөнөттө ийгиликтүү аяктады. Көпүрө Кайырма каналы аркылуу өтөт. Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов жана шаар тургундары катышты. Мэр өз сөзүндө ушул эле канал аркылуу дагы үч […]
Ош шаарында 106 жаран үйлүү болду

Бүгүн Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы тарабынан «Үлүштүк курулуш» долбоорунун алкагында курулган көп кабаттуу турак үй пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов катышып, жаңы конуш ээлерин куттуктап, батир ээлерине ачкычтарды салтанаттуу түрдө тапшырышты. Шаар мэри өз сөзүндө көп кабаттуу турак жай ээлерин куттуктап, жарандарды муниципалдык […]
Ошто жол коопсуздук маселеси боюнча кеңейтилген жыйын өттү

Бүгүн, 28-апрель Ош шаарында жана Ош облусунда жол-транспорт кырсыктарынын көбөйүшүнө байланыштуу кеңейтилген жыйын өткөрүлдү. Жыйынга, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Ош шаарынын вице-мэри Эрнис Толтоев, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары, акимдер, облустук жана шаардык укук коргоо органдарынын жетекчилери, жергиликтүү […]
“Ош” Эл аралык аэропортунда жаңы сейил бак пайдаланууга берилди

Бүгүн, “Ош” Эл аралык аэропортунун аймагында “Аэропорт” авиапаркы расмий пайдаланууга берилди. Ачылуу аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, “Кыргызстан Аэропорттору” ААКнын жетекчиси Манасбек Самидинов, аэропорт жамааты жана шаар тургундары катышты. Ачылыш аземинде мэр Жанарбек Акаев сөз сүйлөп, шаар тургундары үчүн бул сейил бак чоң белек экенин, калаанын […]
Х.Абдуллаев көчөсү пайдаланууга берилди

Ош шаарында Х.Абдуллаев көчөсүнүн (Ж.Шамшиев көчөсүнөн Жумабаев көчөсүнө чейинки тилке) оңдолгон бөлүгү пайдаланууга берилди. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана шаар тургундары катышты. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында жол толугу менен жаңыланып, жөө жүргүнчүлөр жана айдоочулар үчүн ыңгайлуу шарт түзүлдү.
✅ “Жеткинчек” балдар лагерин куруу долбоору боюнча коомдук угуу өткөрүлөт

Шаар куруу жана архитектура департаментинин Ош регионалдык башкармалыгынын Архитектуралык-шаар куруу кеңешмесинде каралган Ош шаарынын Төлөйкөн айылындагы Ормонов көчөсүндө жайгашкан “Жеткинчек” балдар лагерин куруу долбоору коомдук угууга коюлат. Долбоор боюнча сын-пикирлерди, сунуштарды жана каршы пикирлерди ушул жылдын 1-июлуна чейин Ош шаардык мэриясынын расмий сайты же шаар куруу жана архитектура бөлүмү аркылуу калтырсаңыздар болот. Долбоордун аталышы: Төлөйкөн […]