Кулактандыруу!

Долбоор Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын УСТАВЫ Биз, Ош шаарынын жергиликтүү жамааты, көп улуттуу калктын биримдигин, ынтымагын, коомдук тартипти жана тынчтыкты чыңдоону, шаардын бардык аймактарынын тең салмактуу жана туруктуу өнүгүшүн камсыз кылууну, жергиликтүү маанидеги маселелерди өз демилгебиз жана жоопкерчилигибиз менен чечүүнү, жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга кеңири катышуусун камсыз кылууну максат кылып, жергиликтүү жамааттын […]
Борбордук аянтта айт намазы окулду

Бүгүн Ош шаарынын Борбордук аянтында айт намазы окулду. Ага шаар мэри Жанарбек Акаев катышып, шаар тургундарын жана конокторду Курман Айт майрамы менен куттуктады. Шаар башчысы ар бир үйгө береке, ынтымак, өлкөбүзгө туруктуулук, өсүп-өнүгүү каалады. Быйыл Борбордук аянттагы айт намазга катышкандардын саны 15 миңден ашты.
Ош шаарында сел коркунучуна каршы даярдык күчөтүлдү

Бүгүн Ош шаарынын мэриясында Жарандык коргонуу комиссиясынын отуруму өттү. Анда шаардагы сел жүрүү жана суу каптоо коркунучтарынын алдын алуу маселеси каралды. Жыйынга шаардык мэриянын тиешелүү мекеме-ишканаларынын жетекчилери жана кызматкерлери катышты. Жаз мезгилиндеги нөшөрлүү жаан-чачындардан улам шаардын айрым аймактарындагы көп кабаттуу жана жеке турак үйлөрдүн жер төлөлөрүн суу каптоо фактылары катталууда. Шаар мэри Ж.Акаев бул маселеге […]
Коомдук угууга чакырабыз!

🔹Долбоор: “Ош шаарынын Кукумбий көчөсү, №100г/1 дарегиндеги аймакка муниципалдык-ипотекалык ишкананын социалдык-турак жай комплексинин курулуш долбоору. Аталган долбоор Ош шаарынын тургундарынын талкуусуна коюлат. 🔹Кантип катышса болот? Долбоор менен таанышып, сунуш-пикирлериңизди, толуктоолоруңузду жазуу түрүндө калтырсаңыздар болот. 🔹Кошумча маалымат үчүн Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына кайрылыңыз. Шаарыбыздын өнүгүшүнө кайдыгер болбой, жигердүү катышыңыздар!
1-ИЮНЬ – БАЛДАРДЫ КОРГОО КҮНҮ!

Ош шаарында кандай иш-чараларга барсаңыз болот? Алдыга жылдырыңыз 23-май, саат 11:00 П.И.Чайковский атындагы балдар искусство мектебинин концерттик программасы Өтүүчү жай: Бабур атындагы мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театры 23-май, саат 8:00-22:00 Иш-чара: Таэквондо боюнча Ош шаарынын ачык биринчилиги Өтүүчү жай: ХБК спорт залы 23-май, саат 11:00-13:00 Иш-чара: Фестиваль-концерт Өтүүчү жай: Т.Сатылганов ат. эс алуу багындагы […]
Шаар тургундарына эскертүү!

Ош шаарындагы Курманжан-Датка көчөсүндө М.Аматов көчөсүнөн Джиннах көчөсүнө чейин асфальт басуу иштери жүргүзүлүп жаткандыктан, бүгүн 21-майдан 25-майга чейин аталган аймактагы троллейбус линиялардын электр энергиясы өчүрүлөт. Ага байланыштуу шаардагы №2 троллейбус каттамы убактылуу токтотулат. Жүргүнчүлөрдү ыңгайсыздыктарды туура кабыл алып, багытыңыздарды алдын ала пландоону суранабыз!
С.Бекмуратов музыкалык мектебинин отчеттук бүтүрүүчү концерти өттү

20-май, Ош шаары Ош шаарындагы С. Бекмуратов атындагы №1 музыкалык мектебинин отчеттук бүтүрүүчү концерти өттү Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова, Ош шаардык кеңешинин депутаттары, шаардагы музыкалык мекемелердин жетекчилери, ата-энелер жана шаар тургундары катышты. Коноктор бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалап, ак жол тилешти. Концерттин алкагында музыкалык мектептин мугалимдерине жаш муундарды тарбиялоого кошкон салымы жана билим […]
Ош шаары Кытай компаниялары менен кызматташат

Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев Кытай Эл Республикасынын жарыктандыруу тармагындагы компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту. Ага шаар мэриясынын тышкы байланыштар, инвестиция жана туризм, социалдык өнүгүү, шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмдөрүнүн башчылары, ошондой эле “Ошсвет” муниципалдык ишканасынын жетекчиси катышты. Тараптар бир канча маселелерди талкуулашты. Алардын бири “Светлый район” долбоору. Кытай компаниясы өз каражатынын эсебинен […]
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы төмөндөгү муниципалдык жер тилкелерин аукцион жолу менен убактылуу ижара шартында пайдаланууга берүү боюнча аукцион өткөрүүгө сынак жарыялайт:

Аукционго катышуучулар төмөндөгү дарекке кайрылса болот: Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын имараты, Заднепровский көчөсү № 4 (2-кабат, 5-каана). Керектелүүчү документтер: 1. Физикалык жактар үчүн паспорттун көчүрмөсү. 2. Юридикалык жактар үчүн нотариалдык же каттоо жүргүзүүчү каттоо органы тарабынан тастыкталган түзүүчү (учредительный) документтердин нускасы (чет элдик эмес ишкананын статусун тастыктаган), уюмдун өкүлүнө аукцион үчүн белгиленген формадагы […]
Ош шаарында Энелер күнү салтанаттуу белгиленди

Бүгүн, 20-майда Ош шаарынын мэриясында Энелер күнүнө арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Болот Баетов, баатыр энелер, мамлекеттик жана коомдук ишмер аялдар катышышты. Жанарбек Акаев өз сөзүндө энелер тынчтыктын, биримдиктин жана жылуулуктун символу экенин белгилеп, кыргыз элинин энени барктаган бир канча макалдарын атап, мисал келтирди. Ошондой эле […]