Сүйүнбаев көчөсүндөгү жаңы көпүрө пайдаланууга берилди

Бүгүн, 1-май күнү Ош шаарындагы Сүйүнбаев көчөсүндө жайгашкан жаңы көпүрө пайдаланууга берилди. Курулуш иштери мындан туура 2 ай мурун башталып, кыска мөөнөттө ийгиликтүү аяктады. Көпүрө Кайырма каналы аркылуу өтөт. Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов жана шаар тургундары катышты. Мэр өз сөзүндө ушул эле канал аркылуу дагы үч […]
Ош шаарында 106 жаран үйлүү болду

Бүгүн Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы тарабынан «Үлүштүк курулуш» долбоорунун алкагында курулган көп кабаттуу турак үй пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов катышып, жаңы конуш ээлерин куттуктап, батир ээлерине ачкычтарды салтанаттуу түрдө тапшырышты. Шаар мэри өз сөзүндө көп кабаттуу турак жай ээлерин куттуктап, жарандарды муниципалдык […]
Ошто жол коопсуздук маселеси боюнча кеңейтилген жыйын өттү

Бүгүн, 28-апрель Ош шаарында жана Ош облусунда жол-транспорт кырсыктарынын көбөйүшүнө байланыштуу кеңейтилген жыйын өткөрүлдү. Жыйынга, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Ош шаарынын вице-мэри Эрнис Толтоев, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары, акимдер, облустук жана шаардык укук коргоо органдарынын жетекчилери, жергиликтүү […]
“Ош” Эл аралык аэропортунда жаңы сейил бак пайдаланууга берилди

Бүгүн, “Ош” Эл аралык аэропортунун аймагында “Аэропорт” авиапаркы расмий пайдаланууга берилди. Ачылуу аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, “Кыргызстан Аэропорттору” ААКнын жетекчиси Манасбек Самидинов, аэропорт жамааты жана шаар тургундары катышты. Ачылыш аземинде мэр Жанарбек Акаев сөз сүйлөп, шаар тургундары үчүн бул сейил бак чоң белек экенин, калаанын […]
Х.Абдуллаев көчөсү пайдаланууга берилди

Ош шаарында Х.Абдуллаев көчөсүнүн (Ж.Шамшиев көчөсүнөн Жумабаев көчөсүнө чейинки тилке) оңдолгон бөлүгү пайдаланууга берилди. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана шаар тургундары катышты. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында жол толугу менен жаңыланып, жөө жүргүнчүлөр жана айдоочулар үчүн ыңгайлуу шарт түзүлдү.
Ош шаардык Кеңешинин XX сессиясы өтүүдө

Ош шаардык Кеңешинин XX сессиясы өткөрүлүүдө. Сессияга Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов, шаардык Кеңештин депутаттары жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышууда. Күн тартибине: 2025-жылдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышын камсыздоо боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө; Калктын саламаттыгын сактоо багытында медицина мекемелеринин ишмердүүлүгү тууралуу; Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту жана жаш өспүрүмдөр арасындагы […]
Мэр Жанарбек Акаев Жапалак айыл аймагындагы курулуш иштери менен таанышты

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Жапалак айыл аймагындагы жүргүзүлүп жаткан социалдык объектилердин курулуш иштери менен жеринен таанышып чыкты. Учурда аталган айыл аймактын Жапалак, Арек, Качыбек, Орке, Мээркан, Кеңеш, Татар, Гулбаар, Төлөйкөн, Тээке жана Керме-Тоо айылдарына жалпы узундугу 75000 метрге бара бар таза суу түтүктөрү тартылууда. Ошондой эле 100 орундуу бала бакчанын курулушу жана Атабаев атындагы […]
Көрүнүктүү акын Шавкат Рахмандын 75 жылдыгы Ош шаарында салтанаттуу белгиленди

Бүгүн Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрында көрүнүктүү акын, терең ойчул Шавкат Рахмандын 75 жылдыгына арналган эл аралык эскерүү кечеси болуп өттү. Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, ТҮРКСОЙ уюмунун Башкы катчысы Султан Раев, Өзбекстан Республикасынын Жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары, акын жана журналист Минхожидин […]
Ош шаарында жаңы скверлер курулуп, жашыл аймактар кеңейүүдө

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин тапшырмасына ылайык, Манас-Ата аймактык башкармалыгына караштуу И.Разаков көчөсүндө жаңы сквердин курулуш иштери активдүү жүрүп жатат. Долбоордун алкагында аймакта заманбап эс алуу шарттары түзүлүп, жашыл аймактар кеңейтилип, жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу инфраструктура каралууда. Аталган сквер “Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарба комбинаты” муниципалдык ишканасы тарабынан ишке ашырылууда. Белгилей кетсек, шаар мэринин демилгеси менен […]
СНОС: Ош шаарында мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштери уланууда

Мэр Жанарбек Акаевдин тапшырмасынын негизинде шаар аймагында уруксат берүүчү документтери жок же курулуш талаптарына жооп бербеген объекттер аныкталып, аларды бузуу иштери улантылууда. Учурда Курманжан датка көчөсүндө мыйзамсыз курулган бизнес объекттер демонтаждалып, мыйзамсыз курулуштар тиешелүү кызматтар тарабынан толугу менен баштапкы абалына келтирилди. Ошондой эле, И.Разаков көчөсүндөгү №20 көп кабаттуу турак үйдүн жашоочуларынын кайрылуусунун негизинде, имараттын биринчи […]