Ош шаарынын мэри Ж.Ш. Токторбаевдин Орозо айт майрамындагы куттуктоо сөзү

Урматтуу мусулман бир туугандар! Ардактуу Ош шаарынын тургундары! Баарыңыздарды мээрим, ырайым, кут-береке жылоологон ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктайм! Рамазан айы – тынчтыктын, сабырдуулуктун, кечиримдүүлүктүн ыйык айы. Бир ай бою жакшылыкка үмүт байлап, жакшы ниет менен орозо кармадык. Орозо айт – элибиздин илгертен бери белгилеп келген кайрымдуулук жана кубаныч майрамы. Бул күнү камкордуктун жана адамдык […]
Таңкы рейд: Н.Исанов көчөсүндөгү жолдор талаптарга ылайык иреттелет

Бүгүн, 29-март күнү Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таң эрте менен Н.Исанов көчөсүнүн Озгур айылына караган аймагын кыдырды. Шаар башчысы тиешелүү кызматтарга бул жактагы кызыл сызыктан чыгып кеткен жана өз билемдик менен курулган чарбалык курулуштарды алып салуу, муниципалдык менчиктеги жер тилкелерди бошотуп, жолдорду ачуу жана кеңейтүү, жөө жүрүүчүлөр үчүн тротуарларды куруу, ирригациялык жана суугат тармактарды […]
Ошто жалпы ишембилик өтөт

Ош шаарында жарыяланган жазгы үч айлыктын алкагында, 2025-жылдын 29-мартында шаар аймагында жалпы ишембилик өтөт. Шаардын тазалыгына, таза жашоого салым кошом деген бардык жарандарды ишембиликке чакырабыз! Таза шаар, таза коомду бирге куралы.
Мамыров көчөсүндө жолду оңдоп-түзөө иштери башталат

Бүгүн 28-мартта, Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев тиешелүү кызматтардын жана долбоордук уюмдардын өкүлдөрү менен Мамыров көчөсүн капиталдык оңдоп-түзөө боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Жүргүзүлө турган жумуштардын жалпы узундугу 7,5 чакырымды түзүп, анда долбоорго ылайык, көчөнү бойлой жөө жүрүүчүлөр үчүн тротуарларды, көпүрөлөрдү куруу, ирригациялык тармактарды, түнкү жарыктандыруу системасын орнотуу, суу түтүктөрүн өткөрүү иштери аткарылат. Жумуштарды […]
Нурматов жана Ленин көчөлөрүнүн кесилиши менен каттаган унаа кыймылына өзгөртүүлөр киргизилди

Алсак, унаа тыгындарын жоюу максатында Ленин көчөсүнөн борбордук аянтка карай бара жаткан бардык унааларга гана оңго бурулууга уруксат берилет. Ал жерге тиешелүү жол белгиси орнотулду. Буга чейин Нурматов көчөсү аркылуу жүргөн унаа каттамы үчүн (Троллейбус менен жүк ташуучу унаалардан сырткары) Ленин көчөсү менен кесилишкен жерден “Райан” мейманканасынан солго бурулууга тыюу салынган.
Таңкы рейд: Абакир уулу Торобек жана Мирсаатов көчөлөрү, Увам каналынын суу коругуна кирген аймагы иретке келтирилет

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин бүгүнкү таңкы кыдыруусу Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Абакир уулу Торобек, Мирсаатов, Н.Исанов көчөлөрүндө болду. Калаа башчысы жеринде тиешелүү кызматтарга Увам каналынын суу коругуна кирген аймагына мыйзамсыз курулуп калган, кызыл сызыктан чыгып кеткен эски чарбалык курулуштарды, тосмолорду, дарбазаларды алып салуу, жашыл аймактарды түзүү үчүн муниципалдык жер тилкесин унаа токтотуучу жайлардан бошотуу, […]
Ош шаарынын мэриясы 128 атайын техникаларды сатып алат

Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов, аппарат жетекчи Адилет Шаршеналы уулу, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов баштаган, муниципалдык ишканалардын тиешелүү адистеринен, шаардык кеңеш депутаттарынан турган топ Кытай Эл республикасында иш-сапарда жүрүшөт. Мында негизги максат мамлекет башчысы Садыр Жапаров тарабынан Ош шаарына атайын техника алууга бөлүнгөн 500 млн сом каражатка муниципалдык, коммуналдык, жол ишканаларына […]
А.Навои эс алуу багындагы, жеке менчикке берилип кеткен жер тилкелери, имараттар боюнча маалымат

1. “8-сентябрь” . А.Навои багындагы 660 чарчы метр жер тилкеси “8-сентябрь” фирмасына 5 жылга ижара шартында берилген. Жер тилке кийин жеке менчикке өтүп кетип, “Кадастр” мамлекеттик мекемеси тарабынан бул жер тилкеси каттоодо жоктугу аныкталып, муниципалдык менчикке кайтаруу үчүн топографиялык чиймелери даярдалган. 2. “Палван сарай”. Ош облустук райондор аралык сотунун 2011-жылдын 24-августундагы чечими менен Палван сарай […]
А. Навои эс алуу багынын аймагы тазаланып, иреттелет

Бүгүн, 20-март күнү Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев адаттагыдай эрте мененки рейддик кыдырууга чыгып, А.Навои атындагы шаардык эс алуу багынын абалын көрдү. Калаа башчысы аталган аймакты тазалоо менен бирге, бактын аймагын жакшыртуу жана жашылдандыруу боюнча ар тараптуу иштерди жүргүзүүнү тапшырды. Атап айтканда, мэр О.Акимбаев көчөсүндөгү «Ферас» бассейнинен А.Навои багына чейинки аралыкта жүрүп жаткан жаңы эс […]
Кулактандыруу!!! Гидравликалык сыноо жүргүзүлөт

Ош шаардык жылуулук электр борбору 24-марттан 28-мартка чейин магистралдык жана ички кварталдык жылуулук тармактарындагы суу түтүкчөлөрүнүн жана бекиткичтердин механикалык бекемдигин текшерип, бузулган жайларды аныктоо үчүн гидравликалык сыноо жүргүзүлөөрүн билдирет. Жылуулук энергиясынан пайдаланган керектөөчүлөр 23 – март күнү саат 00:00 гө чейин жылытуу системасындагы түтүктөр туташкан жерлердеги жана элеватордук түйүндөрдөгү бекиткичтерди жабуулары керек. ГИДРАВЛИКАЛЫК СЫНОО 4 […]