Нурматов жана Ленин көчөлөрүнүн кесилиши менен каттаган унаа кыймылына өзгөртүүлөр киргизилди

Алсак, унаа тыгындарын жоюу максатында Ленин көчөсүнөн борбордук аянтка карай бара жаткан бардык унааларга гана оңго бурулууга уруксат берилет. Ал жерге тиешелүү жол белгиси орнотулду. Буга чейин Нурматов көчөсү аркылуу жүргөн унаа каттамы үчүн (Троллейбус менен жүк ташуучу унаалардан сырткары) Ленин көчөсү менен кесилишкен жерден “Райан” мейманканасынан солго бурулууга тыюу салынган.
Таңкы рейд: Абакир уулу Торобек жана Мирсаатов көчөлөрү, Увам каналынын суу коругуна кирген аймагы иретке келтирилет

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин бүгүнкү таңкы кыдыруусу Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Абакир уулу Торобек, Мирсаатов, Н.Исанов көчөлөрүндө болду. Калаа башчысы жеринде тиешелүү кызматтарга Увам каналынын суу коругуна кирген аймагына мыйзамсыз курулуп калган, кызыл сызыктан чыгып кеткен эски чарбалык курулуштарды, тосмолорду, дарбазаларды алып салуу, жашыл аймактарды түзүү үчүн муниципалдык жер тилкесин унаа токтотуучу жайлардан бошотуу, […]
Ош шаарынын мэриясы 128 атайын техникаларды сатып алат

Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов, аппарат жетекчи Адилет Шаршеналы уулу, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов баштаган, муниципалдык ишканалардын тиешелүү адистеринен, шаардык кеңеш депутаттарынан турган топ Кытай Эл республикасында иш-сапарда жүрүшөт. Мында негизги максат мамлекет башчысы Садыр Жапаров тарабынан Ош шаарына атайын техника алууга бөлүнгөн 500 млн сом каражатка муниципалдык, коммуналдык, жол ишканаларына […]
А.Навои эс алуу багындагы, жеке менчикке берилип кеткен жер тилкелери, имараттар боюнча маалымат

1. “8-сентябрь” . А.Навои багындагы 660 чарчы метр жер тилкеси “8-сентябрь” фирмасына 5 жылга ижара шартында берилген. Жер тилке кийин жеке менчикке өтүп кетип, “Кадастр” мамлекеттик мекемеси тарабынан бул жер тилкеси каттоодо жоктугу аныкталып, муниципалдык менчикке кайтаруу үчүн топографиялык чиймелери даярдалган. 2. “Палван сарай”. Ош облустук райондор аралык сотунун 2011-жылдын 24-августундагы чечими менен Палван сарай […]
А. Навои эс алуу багынын аймагы тазаланып, иреттелет

Бүгүн, 20-март күнү Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев адаттагыдай эрте мененки рейддик кыдырууга чыгып, А.Навои атындагы шаардык эс алуу багынын абалын көрдү. Калаа башчысы аталган аймакты тазалоо менен бирге, бактын аймагын жакшыртуу жана жашылдандыруу боюнча ар тараптуу иштерди жүргүзүүнү тапшырды. Атап айтканда, мэр О.Акимбаев көчөсүндөгү «Ферас» бассейнинен А.Навои багына чейинки аралыкта жүрүп жаткан жаңы эс […]
Кулактандыруу!!! Гидравликалык сыноо жүргүзүлөт

Ош шаардык жылуулук электр борбору 24-марттан 28-мартка чейин магистралдык жана ички кварталдык жылуулук тармактарындагы суу түтүкчөлөрүнүн жана бекиткичтердин механикалык бекемдигин текшерип, бузулган жайларды аныктоо үчүн гидравликалык сыноо жүргүзүлөөрүн билдирет. Жылуулук энергиясынан пайдаланган керектөөчүлөр 23 – март күнү саат 00:00 гө чейин жылытуу системасындагы түтүктөр туташкан жерлердеги жана элеватордук түйүндөрдөгү бекиткичтерди жабуулары керек. ГИДРАВЛИКАЛЫК СЫНОО 4 […]
Ош шаарынын мэриясы административдик кызмат орундарынын улук жана кенже топторунун кадрлар резервине киргизүү үчүн сынак жарыялайт

Административдик кызмат орундарынын улук тобу. Кесиптик билиминин деңгээли: – жогорку билим (экономика жана башкаруу); – жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы. Кесиптик компетенттүүлүгү: Төмөнкүлөрдү билүү: -жалпы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Мамлекеттик жарандык кызмат жана […]
Ош шаарынын аймагында ЛЭД-экрандарды орнотуу менен ижара шартында убактылуу пайдаланууга берүү боюнча сынак жарыялайт

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы төмөндөгү даректердеги муниципалдык жер тилкелерине жарнамалык ЛЭД-экран орнотуу менен ижара шартында убактылуу пайдаланууга берүү боюнча сынак жарыялайт. Сынакка катышуучулар төмөндөгү дареке кайрылышат: Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын имараты, Заднепровский көчөсү № 4 (2-кабат, 5-8-каана). Физикалык жактар үчүн паспорттун көчүрмөсү. Юридикалык жактар үчүн нотариалдык же каттоо жүргүзүүчү каттоо органы […]
Курманжан-Датка көчөсүн жакшыртуу жана жашылдандыруу иштери күчөтүлөт

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн таң эрте менен Курманжан-Датка көчөсүнүн абалын текшерди. Ал Навои көчөсүнөн баштап Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгына чейинки аймакты кыдырып, буга чейин бул жерде жүргүзүлгөн иштердин натыйжасы менен таанышты. Шаар башчысы Курманжан-Датка көчөсүн жакшыртуу жана жашылдандыруу иштерин күчөтүү, ошондой эле көчөнүн жалпы көрүнүшүн жаңылоо керектигин билдирди. Мындан тышкары, мэр “Достук” чек […]
Шаардык коммуналдык кызматтарга жана кайгуул кызматына жаңы техника менен жеңил унаалар берилди

Бүгүн, 17-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында Ош шаарынын коммуналдык кызматтарына 8 жаңы атайын техника (2 “Shacman” маркасындагы жүк ташуучу унаа, 2 экскаватор, 2 автожүктөгүч, 2 манипулятор) жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кайгуул кызматына 4 жаңы жеңил унаа тапшырылды. Техникаларды Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тапшырып, демөөрчүлөр тарабынан алынып берилген заманбап техникалар менен жеңил унаалар […]