Ош шаарынын мэриясында жарандарды жеке маселелер боюнча кабыл алуу болду

Учурда жолдорго кум, туз аралашмасы себилүүдө

Урматтуу Ош шаарынын тургундары. Бүгүн жааган карга байланыштуу күндүз кум, туз аралашмалары тиешелүү кызматтар тарабынан себилип жолдор кардан тазаланып турулду. Учурда түнкү суукка байланыштуу жолдордо муз тоңуп жүрүүгө кыйынчылыктар жаралууда. Ушул сааттарда шаардагы негизги жана ички жолдорду муз, кардан тазалоо боюнча тиешелүү кызматтар жумуштарды алып барууда. Урматтуу шаар тургундары сиздерден сураныч, жолго унааңыздардын жайкы дөңгөлөгү […]
Ош шаарында III Элдик курултайдын делегаттары шайланды

Бүгүн, Ош шаарында III Элдик курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттын өкүлчүлүктүү жыйыны өттү. Жыйында шаар аймактарынан сунушталган 300 делегат ачык добуш менен 20-декабрда Бишкек шаарында өтүүчү Элдик курултайга катыша турган 43 делегатты шайлашты.
Ош шаарында телерадио кызматкерлери сыйланды

Мында, Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты. Белгилей кетсек, 1958-жылы Бишкек телестудиясы ишке киргизилип, 8-декабрь күнү Кыргыз телевидениесинде алгачкы берүү көрсөтүлгөн.
Медицина кызматкерлери арасында коррупцияга каршы күрөшүү жыйыны өттү

Бүгүн, Ош шаарында медицина кызматкерлери арасында аталган тармакта коррупциянын алдын алуу, аны менен күрөшүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында жыйын өткөрүлдү. Иш-чарага Ош шаары жана Ош облусу боюнча УКМКнын башчысы Даниэль Рысалиев, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Ош облусунун ИИБ башчысы Нурланбек Бурканов катышты. Иш-чарада кызматкерлерге […]
Кыргызстан менен Өзбекстандын туроператорлорунун өз ара кызматташтыгы жакшырат

АРИС (ПРЭР) жана “Дестинации Ош” уюмунун колдоосу менен Ош шаары жана Ош облусунун 20 туроператору үчүн Өзбекстан Республикасынын Самарканд, Бухара жана Ташкент шаарларында роуд-шоу уюштурулуп, алар “TITF 2024” эл аралык туристтик көргөзмөгө катышышты. Иш-чаранын алкагында Самарканд, Бухара шаарларында Кыргыз Республикасынан жана Өзбекстан Республикасынын ар кайсыл шаарынан катышкан 30дан ашуун туристтик уюмдар, бизнес өкүлдөрү тарабынан чет […]
Үйүн камсыздандырган жаранга кенемте төлөндү

Бүгүн, Ош шаарынын Төлөйкөн айылдык аймактык башкармалыгынын жашоочусу, селден жабыркаган Сана Зайировго Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан 500 000 сом кенемте сертификаты берилди. Сертификатты Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов жана Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Оштогу бөлүмүнүн өкүлү тапшырышты. Белгилей кетсек, жарандын үйү табигый кырсыкта толугу менен жараксыз болуп калган. Ал буга чейин турак жайын камсыздандырган.
Жапалак айылында дагы бир фельдшердик-акушердик пункту пайдаланууга берилди

Бүгүн, Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Орке айылындагы Курманжан-Датка 15 көчөсүндө фельдшердик-акушердик пунктунун (ФАПтын) жаңы имараты пайдаланууга берилди. Социалдык имарат менен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов таанышып чыкты. Белгилей кетсек, мурунку ФАПтын имараты авариялык абалда болгодугуна байланыштуу 2023-жылы жеке жарандын үйүнө көчүрүлүп, иштеп келген. ФАПтын жаңы имаратынын курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын август айында башталып, анда […]
Кулактандыруу! Ош шаарында III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо өткөрүлөт!

Урматтуу Ош шаарынын тургундары! Сиздерди 4-декабрь күнү саат 15:00дө өтүүчү Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын өкүлчүлүктүү жыйынга өкүлдөрдү шайлоо боюнча чогулуштарга чакырабыз! Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы ПЖ № 271 “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгы менен 2024-жылдын 20-декабрына дайындалган Бишкек шаарында өтүүчү III Элдик Курултайга Ош шаарынан делегаттарды шайлоону уюштуруу максатында кабыл алынган Ош […]
Ош шаарында майыптыгы бар балдарга майрамдык маанай тартууланды

Бүгүн, 3-декабрь Эл аралык майыптыгы бар жарандардын күнүнө карата “Биз биргебиз” аталышындагы жарыяланган бир айлыктын алкагында Бабур театрында майыптыгы бар балдар үчүн маданий иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов катышып, майыптыгы бар жарандардын, анын ичинен балдардын укугун жашоонун бардык тармактарында коргоого, аларга ар тараптуу жардам көрсөтүү маанилүү […]