Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жана орун басарлары, бөлүм башчылар ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы менен жолукту

Мында Ош шаарындагы жол тыгындарын азайтуу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, шаар куруу, социалдык маселелер боюнча жаралган көйгөйлөрдү чечүү жана алдын алуу чараларын көрүү боюнча илимий изилдөө иштеринин негизинде реалдуу сунуштарды берүү маселелери талкууланды. Алдыда ар бир тармак боюнча көйгөйлөр жана маселелер аныкталып, чечүү жолдорун талкуулаган топтор түзүлөт. Анда окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы илимий негизде сунуштарын […]
Ош шаарында кичи футбол боюнча мелдеш өттү

Ош шаарында «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгына” карата Ош шаарынын дипломатиялык корпусунун өкүлдөрүнүн арасында жыл сайын өтүүчү кичи футбол боюнча X кайрымдуулук турнири өттү. Турнирге, КР Тышкы иштер министрлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаарында аккредитацияланган чет өлкөлүк консулдук мекемелердин, эл аралык уюмдардын, Кара-Суу дүлөй балдар үчүн адистештирилген мектеп-интернатынын жаш жана […]
Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата бир айлык өнөктүк жыйынтыкталды

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясы тарабынан 1-декабрь – Бүткүл дүйнөлүк АИВ/СПИД илдетине каршы күрөшүү күнүнө карата бир айлык өнөктүк жыйынтыкталып, Т. Сатылганов эс алуу багында жыйынтыктоочу иш-чара өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын, Ош облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана АИВке каршы күрөшүү борборунун, Кызыл ай коомунун өкүлдөрү, Ош шаарынын тургундары катышып, анын алкагында ыктыярчылардын флешмобу, […]
Ош шаарынын мэриясында калктын саламаттыгын сактоо маселелери боюнча Координациялык комиссиясынын жыйыны өттү

Жыйындын күн тартибинде Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу мектептердин 1-4-класстарынын окуучуларын акысыз шашке чай жана ысык тамак менен камсыз кылуу, сапаты, мектеп ашканаларынын санитардык абалы жөнүндө маселелер каралды. Ошондой эле, мектептерге коюлган санитардык-эпидемиялогиялык талаптардын аткарылышы боюнча атайын түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча маалыматтар берилип, айрым кемчилдиктерди четтетүү, окуучуларга арналган тамак-аштардын сапатына көзөмөлдү […]
Ош шаарында “Бис-Квит” камердик оркестринин концерти жогорку денгээлде өттү

Бүгүн, Бабур атындагы театрда Санкт-Петербургдун «Бис-Квит» камердик оркестри тарабынан «НЕВА ОБОНДОРУ» аталышындагы концерттик программа тартууланды. Аталган концертке Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Санкт-Петербург шаарынын тышкы байланыштар комитетинин төрагасынын орун басары Евгений Кассюра баштаган делегациянын, Ош шаарындагы Орус үйүнүн өкүлдөрү, шаар тургундары катышты. Иш-чаранын башталышында Ленинград блокадачыларына арналган көргөзмө уюштурулду. Концерттик программанын жүрүшүндө коноктор […]
Санкт-Петербургдан келген делегация “Өчпөс от” мемориалдык комплекстине гүл коюу аземине катышты

Бүгүн, 29-ноябрда Ош шаарында Санкт-Петербург күндөрүнүн алкагында Санкт-Петербург шаарынан келген делегация өкүлдөрү “Өчпөс от” мемориалдык комплексине гүл коюшту. Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Ош шаарындагы Орус үйүнүн өкүлдөрү, шаар тургундары, окуучулар катышты. Иш-чаранын алкагында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлер бир мүнөт унчукпай туруу менен эскерилди. Айта кетсек, Ош жана Санкт-Петербург […]
Санкт-Петербург күндөрү – «НЕВА ОБОНДОРУ» концерти өтөт

Урматтуу Ош шаарынын тургундары! Санкт-Петербург күндөрүнүн алкагында бүгүн 29-ноябрь күнү, саат 19:00дө Бабур театрында Санкт-Петербургдун «Бис-Квит» камердик оркестри тарабынан «НЕВА ОБОНДОРУ» аталышындагы концерт өтөт. «БИС-КВИТ» (BIS-QUIT BAND) оркестри – «NCA MUSIC AWARDS» версиясы боюнча эң мыкты crossover тобу болуп саналат. Музыкалык топтун солисттери эл аралык жана орусиялык сынактарда лауреаттык премиялардын ээси. Оркестрдин репертуарында инструменталдык классикадан баштап, […]
Ош шаарында Санкт-Петербург шаары тууралуу сүрөт көргөзмөсү ачылды

Бүгүн, Алымбек датка этно борборунда Санкт-Петербург жана Ош шаарынын ортосундагы боордоштук мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына карата Санкт-Петербург шаарынын кооз жайларын, туристтик дараметин чагылдырган сүрөт көргөзмөсү өттү. Көргөзмөнүн ачылышына Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Санкт-Петербург шаарынын тышкы байланыштар комитетинин төрагасынын орун басары Евгений Кассюра баштаган делегация, маданият ишмерлери, мугалимдер, окуучулар, студенттер катышты. Көргөзмө Ош […]
Ош шаарында боордош Санкт-Петербург шаарынын күндөрү башталды

Бүгүн, 28-ноябрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Орусиянын Санкт-Петербург шаарынын тышкы байланыштар комитетинин төрагасынын орун басары Евгений Кассюра баштаган делегация өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуунун алкагында 20 жылдык боордоштук мамилелердин маанилүүлүгү белгиленип, маданият, билим берүү, экономика, туризм, санариптештирүү жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Ошондой эле мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн жыл сайын өтүүчү «Алые паруса» майрамдык иш-чарасына Ош […]
Ош шаарынын мэриясынын коллегиясынын кезектеги жыйыны өттү

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында кезектеги коллегиясынын жыйыны өтүп, ага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, шаардагы муниципалдык мекеме-ишканалардын, кызматтардын жетекчилери катышты. Жыйындын күн тартибинде “Ошсвет” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын аткарып жаткан иштери жөнүндө маселелер каралып, жыйынтыгында тиешелүү токтом долбоорлору кабыл алынды.