Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Акыйкатчы менен жолугушту

Бүгүн, 27-ноябрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Жамиля Жаманбаева менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда адам укуктарын жана эркиндигин коргоо, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында кызматташуу маселелери талкууланды.
Жаңы курамдагы Ош шаардык Кеңешинин биринчи сессиясы өттү

Аймактык шайлоо комиссиясы жаңыдан шайланган депутаттарга мандаттарды тапшырды. Ош шаардык кеңешинин төрагасынын кызмат ордуна “Жаңы Кыргызстан” партиясынан Болот Баетов сунушталып, 51 депутат макулдугун берип, бир добуштан шайланды.
Ош шаарында прокуратура кызматкерлеринин 100 жылдык мааракеси белгиленди

Бүгүн, 26-ноябрда Ош шаарынын прокуратурасында Кыргыз прокуратурасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чаранын алкагында прокуратура органдарынын ардагерлери жана өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге Ардак грамота, мааракелик төш белгилер жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды. Салтанатка Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, күч түзүмдөрүнүн, көзөмөл органдарынын, юстиция, бажы кызматтарынын жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү катышты.
Ош шаарынын мэриясында жарандарды жеке маселелер боюнча кабыл алуу болду

Сербияда өткөн Эл аралык мелдеште карате боюнча спортчулар байгелүү орундарга ээ болушту

2024-жылдын 23-24 ноябрь күндөрү Сербиянын Белград шаарында өткөн “Serbian Open Cup” Эл аралык мелдешке 10 мамлекеттен жалпы 1200 спортчу жеке жана командалык беттештерде күч сынашышты. Эки күндүк беттештердин жыйынтыгында: Алмазбеков Эмир, 12-13 жаштар арасынан, кумитэ түрүнөн (50 кг); Эргашева Арууке, 14-15 жаштар арасынан ката түрүнөн; Батырбеков Максат, 16-17 жаш , кумитэ (60 кг); Саматов Арнель, […]
Ош шаарында мектептердин ашканаларында санитардык-гигиеналык талаптардын сакталышына көзөмөл жүргүзүлдү

Ош шаарынын мэриясынын тиешелүү комиссиясы тарабынан бүгүн мектептердин ашканалары текшерүүгө алынды. Анын жүрүшүндө тез даярдалуучу жана ысык тамак-аштардын сапатына, санитардык-гигиеналык абалга, тамак-аш сактоочу кампаларга тыкыр көз салынды. Комиссиянын курамына Ош шаардык мэриясынын адистери, Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, билим берүү башкармалыгынын жана ветеринардык кызматтын адистери кирди. Текшерүүлөрдүн жыйынтыктары Ош шаарынын мэриясынын калк саламаттыгын сактоо боюнча […]
Ош шаарында бүткүл дүйнөлүк психологдор күнү белгиленди

Бүгүн 22-ноябрь, Ош шаарынын мэриясынын алдындагы көп тармактуу Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү борборунда Бүткүл дүйнөлүк психологдор күнүнө карата иш-чара өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров катышып, психология тармагында эмгектенген адистерди кесиптик майрамы менен куттуктап, Ош шаарынын мэриясынын ыраазычылык баракчалары, Ардак грамотасы менен сыйлады. Иш-чаранын алкагында “Психологдордун бүгүнкү күндөгү орду” аталышындагы презентация […]
Ош шаарына кыргызстандын элдер ассамблеясынын делегациясы келди

Бүгүн, Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстандын элдер Ассамблеясынын делегациясы менен мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өттү. Жыйынга, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Курбанбек Айтибаев, Кыргызстандын элдер Ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Алмамбет Матубраимов, ошондой эле аймактык этникалык коомдордун […]
Кулактандыруу

Ош шаарынын мэриясы 2025-жылга карата мамлекеттик социалдык заказ боюнча программасын иштеп чыгуу максатында төмөндөгү көрсөтүлгөн тармактар боюнча жарандардан социалдык көйгөйлүү маселерди (жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларын коргоо, билим берүү, медициналык жардам, жаштарды колдоо, адам укуктарын коргоо, экология, туризм, социалдык ишкердик ж.б) кабыл алат. Социалдык көйгөйлүү маселер 0555 14 01 97 байланыш номери же orozgul.shaibekkyzy97@gmail.com электрондук […]
Муниципалдык кызматкерлердин коопсуз миграция жана адам сатуунун алдын алуу боюнча билими жогорулатылууда

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында 2022-2025-жылдарга карата Кыргыз Республикасында адам сатууга каршы күрөшүү программасын ишке ашыруунун алкагында Ош шаарындагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн коопсуз миграция, адам сатуунун алдын алуу жана бул коркунучтарга каршы туруу жаатында семинар-тренинг өтүүдө. Окутууга Ош шаарынын мэриясынын, Эл аралык коргоосуна көмөктөшүү борборунун, укук коргоо органдарынын, миграция кызматынын, адистештирилген социалдык кызматтардын, шаардагы […]