✅ Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы төмөндөгү даректердеги муниципалдык жер тилкелерин аукцион жолу менен жеке менчикке өткөрүп берүү берүү боюнча аукцион өткөрүүгө сынак жарыялайт:

Аукционго катышуучулар төмөндөгү дареке кайрылышат: Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын имараты, Заднепровский көчөсү № 4 (2-кабат, 5-каана). 1. Физикалык жактар үчүн паспорттун көчүрмөсү. 2. Юридикалык жактар үчүн нотариалдык же каттоо жүргүзүүчү каттоо органы тарабынан тастыкталган түзүүчү (учредительный) документтердин нускасы (чет элдик эмес ишкананын статусун тастыктаган), уюмдун өкүлүнө аукцион үчүн белгиленген формадагы ишеним кат жана […]
✅Ош шаарынын көчөлөрүнө Абай Кунанбаевдин ысымын ыйгаруу боюнча коомдук талкуу

Ош шаарындагы Волгоград жана К. Тимирязев көчөлөрүнө казак элинин улуу акыны, агартуучу, жазма адабиятынын негиз салуучусу, композитор Абай Кунанбаевдин ысымын ыйгаруу демилгеси коомдук талкууга коюлду. Абай (1845–1904) — казак адабиятынын классиги, философ, композитор жана гуманист. Ал бала кезинде Семейдеги медреседе окуп, чыгыш жана орус классиктеринин чыгармалары менен таанышкан. Анын чыгармачылыгы үч багытта белгилүү: өзүнүн поэтикалык […]
Ош шаарында мүлк жана жер салыгы боюнча Кз зоналдык коэффициенттердин өлчөмүн жана нарктык зоналардын чектерин бекитүү жөнүндө

Урматтуу Ош шаарынын тургундары ! Ош шаарынын мэриясы жана Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан 2026-жылга карата Ош шаарында мүлк жана жер салыгы боюнча Кз зоналдык коэффициенттердин өлчөмүн жана нарктык зоналардын чектерин бекитүү жөнүндө маселе Ош шаардык Кеңешинин кароосуна сунушталгандыгына байланыштуу аталган маселе коомдук талкууга коюлат. Ошондуктан ушул маселе боюнча урматтуу шаардыктар сиздерден сын-сунуш, пикирлерди күтөбүз. Байланыш тел: 5 57 48 Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Б.Т. Баетовго […]
“Ош унаа базары” муниципалдык ишканасынын жыйымдарынын тарифи Ош шаарынын тургундарынын коомдук талкуусуна сунушталат.
Урматтуу Ош шаарынын тургундары ! Ош шаардык Кеңешинин кароосуна Ош шаарынын мэриясы тарабынан “Ош унаа базары” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу, базардын инфраструктура маселелерин чечүү, жергиликтүү бюджеттин кирешелерин жогорулатуу максатында. Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы “Ош шаарынын борбордук базарлар дирекциясы” муниципалдык ишканасынын жана “Ош унаа базары” муниципалдык ишканасынын жыйымдарынын прейскурантын бекитүү жөнүндө” №134 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселе сунушталып жаткандыгына байланыштуу шаар тургундарынын коомдук талкуусуна […]
✅ Ош шаарынын кире беришиндеги “Кыргыз көчү” дарбазасы түнкү түстүү чырактар менен кооздолду.

Калаа башчысы Жеңишбек Шермаматовичтин тапшырмасына ылайык шаарга кире берген дарбаза жана анын айланасы түнкү көрк берүүчү бир канча чырактар менен жасалды. Аны менен бирге атайын лазердик жарыктандыруу системалары орнотулду. Бүгүн шаардын жаңыланган негизги кире бериш дарбазасындагы жасалган жумуштарды калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңеш төрагасы Болот Баетов, мекеме-ишкана жетекчилери жана шаар тургундары көрүп, таанышып чыгышты. […]
ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНЫН БАШКЫ, УЛУК ЖАНА КЕНЖЕ ТОПТОРУНУН КАДРЛАР РЕЗЕРВИНЕ КИРГИЗҮҮ ҮЧҮН СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНЫН БАШКЫ, УЛУК ЖАНА КЕНЖЕ ТОПТОРУНУН КАДРЛАР РЕЗЕРВИНЕ КИРГИЗҮҮ ҮЧҮН СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНЫН КЕНЖЕ ТОБУ. Кесиптик билиминин деңгээли: – жогорку же болбосо орто кесиптик билим; – иш стажына талаптар коюлбайт. Кесиптик компетенттүүлүгү: ➨ Төмөнкүлөрдү билүү: -жалпы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана […]
“Жапалак автоунаа базары” муниципалдык ишканасынын жыйымдарынын прейскурантын бекитүү жөнүндө коомдук талкуу!

Урматтуу Ош шаарынын тургундары ! Ош шаардык Кеңешинин кароосуна Ош шаарынын мэриясы тарабынан “Жапалак автоунаа базары” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу, базардын инфраструктура маселелерин чечүү, жергиликтүү бюджеттин кирешелерин жогорулатуу максатында. Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы “Ош шаарынын борбордук базарлар дирекциясы” муниципалдык ишканасынын жана “Жапалак автоунаа базары” муниципалдык ишканасынын жыйымдарынын прейскурантын бекитүү жөнүндө” №134 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө […]
“Ыйман” мектепке чейинки балдарга билим берүү уюму ачылды

Ачылыш аземге Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, ректор Кудайберди Кожобеков баштаган жамаат катышты. Балдар бакча Ош шаарынын Манас-Ата кичи шаарчасынын Уркуя Салиева көчөсүндө жайгашкан. 140 орунга ылайыкташкан мекеме ОшМУнун эсебинен оңдоп-түзөөдөн өткөн.
Урматтуу Ош шаарынын тургундары, “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу жарандарга жеткиликтүү болгон маалыматтарды (маалымкаттарды) кагаз түрүндө берүү токтотулгандыгын эскертебиз!

КУЛАКТАНДЫРУУ!!! Урматтуу Ош шаарынын тургундары, “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу жарандарга жеткиликтүү болгон маалыматтарды (маалымкаттарды) кагаз түрүндө берүү токтотулгандыгын эскертебиз! Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-мартындагы ПЖ № 83 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу алкагында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 260-т […]
✅Көкүм-Бий көчөсүн оңдоп түзөө иштерине жана асфальттин экинчи катмарын басууга байланыштуу 14-июндан 19-июнга чейин аталган көчө унаа каттамдары үчүн толук жабылат.

Ага байланыштуу 14-июндан тарта “Жапалак” унаа базарынын ачылышы, кийинки ишемби 21-июнга карата жылдырылды.Убактылуу ыңгайсыздыктарды туура кабыл алуу менен, каттам багыттыңыздарды алдын ала пландап алууңуздарды суранабыз.