Эртең Ошто 7-автобус каттамга чыгат

Эртең, 10- июлдан тарта Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасы 7-номердеги жаңы автобустарды каттамга чыгарат. Шаардагы 107-маршруттар каттамдан чыгарылып, ордуна ордуна 7-автобус каттамы коюлат. Жалпы 20 автобус Курманжан Датка аймактык башкармалыгынан(Юго-Восток) АЭРОшаарчага чейинки аралыкты камтыйт. Анда 14 аялдама болуп 6-7 мүнөттүк аралык менен иш алып барат. Эскерте кетсек Ош шаарына 100 автобус алынып келинген. Буга чейин […]
Урматтуу Ош шаарынын тургундары!

Ош шаардык жылуулук электр борбору билдирет. Эртеңден тарта жылуулук түтүктөрүн алмаштыруу иштерин жүргүзүү үчүн Курманжан Датка көчөсүнүн Асранкулов көчөсү (РСК банкы) кесилишинен, Мухаммед Али Джиннах (Ага Хан мектеби) көчөсүнө чейинки жол аралыгы унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Буга байланыштуу, унаа ээлерин жасалып жаткан жумуштарга түшүнүү менен мамиле кылууну жана кыймыл үчүн алдын ала унаа каттамдарын […]
Ош шаарындагы диний мекеме-уюмдарда, мечиттерде жана медреселерде мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарынын аткарылышына мониторинг жүргүзүлдү

Бүгүн, Ош шаарында жайгашкан диний мекеме-уюмдардын, мечиттердин жана медреселердин аталыштары, ичиндеги маалыматтар жана жазуулардын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын талаптарына ылайык келтирүү максатында Ош шаарынын мэриясынын мамлекеттик тил боюнча комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын аймактарда мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү жана Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча […]
Жарандар жеке маселелер менен кабыл алынды

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, мэриянын тиешелүү бөлүм башчылары, муниципалдык мекеме-ишканалардын, аймактык башкармалыктардын жетекчилери менен биргеликте жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алды. Сонунбек Жунусбаев жарандар тарабынан айтылган ар бир маселеге көңүл буруп, тиешелүү кызматтарга талаптарды аткаруу боюнча жеринде мыйзам чегинде чечүү тапшырмасын берди.
Урматтуу Ош шаарынын тургундары!

Ы. Монуев көчөсүндө жолду кеңейтүү боюнча иштер жүрүп жаткандыктан, 9-июлда эрте менен А.Алимжанов көчөсүнүн бир тарабы транспорт каражаттары үчүн жабылат: – «Азия» супермаркетинин каршы тарабындагы коомдук транспорт аялдамасынан тартып, Монуев көчөсү менен кесилишкен жерге чейин. Унаа ээлерин жасалып жаткан жумуштарга түшүнүү менен мамиле кылууну жана кыймыл үчүн алдын ала унаа каттамдарын башка багыт боюнча тандап […]
Бий искусствосу – 2024” аттуу II Эл аралык бийчилер фестивалы башталды

Бүгүн, 8-июлда Т.Сатылганов атындагы эс алуу багында “Бий искусствосу-2024” II Эл аралык бий фестивалынын ачылышы болду. Фестивалдын ачылыш аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров жана чет өлкөлөрдөн келген расмий коноктор катышып, жалпы бий өнөр ээлерин салтанаттуу куттукташты. Иш-чаранын алкагында бийчилердин жөө жүрүшү болуп, республиканын бардык аймактарынан жана чет өлкөдөн келген кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси […]
Урматтуу Ош шаарынын тургундары!

Ош шаарында 7-8-9-10-11-12-июль күндөрү, Ош шаарынын мэриясы, Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан экинчи ирет “Бий искусствосу-2024” II Эл аралык бийчилер фестивалы өткөрүлөт. Фестивалга Түркия, Өзбекстан, Казакстан, Каракалпакстан жана Кыргызстандын эң алдынкы бий топтору катышат. Ошондой эле 60дан ашуун чет өлкөлүк кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулду. Иш-чара саат 18:00дө башталып, Т.Сатылганов атындагы эс алуу багында өтөт. Иш-чаранын […]
Оштогу жеке медициналык мекемелердин жана клиникалардын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттукташты

С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Илияз Ташбаев, Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, жеке медициналык мекемелер жана клиникалар ассоциациясынын жетекчиси Камчыбек Исабаев, Ош шаарынын жана Ош […]
Ош шаарында тогуз коргоол боюнча эл аралык мелдеш старт алды

ОшМУнун бизнес жана менеджмент факультетинде бүгүн, 5-июлда, Ош шаарынын мэринин кубогуна арналган тогуз коргоол боюнча эл аралык мелдеш башталды. Мелдешке 190дон ашуун Кыргызстандын жана жакынкы коңшу өлкөлөрдүн спортчулары катышууда. Турнирдин ачылышына Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров катышып, эл аралык мелдешти жыл сайын өткөрүү салтка айланып, мэрдин кубогу барган сайын жаштарды шыктандырып жатканын, спорттун […]
Ленин көчөсүндөгү башаламан көчө соодасына каршы күрөш күчөтүлөт

Жарандардын кайрылууларына ылайык, Ош шаарынын мэриясынын кызматкерлери тиешелүү укук коргоо органдары менен биргеликте саат 03:00дөн баштап Ленин көчөсүндөгү (Тешик-Таш аймагы) автоунаа жана жөө адамдар жүрүүчү жолдорду, тротуарларды башаламан, мыйзамсыз соода-сатыктан бошотуу жана мыйзамсыз курулуштарды тартипке келтирүү максатында (мындан ары туруктуу негизде) көзөмөл жүргүзүштү. Иш-аракеттердин алкагында соодагерлерге уруксат берилбеген жерлерде соода кылууга жол берилбестиги боюнча түшүндүрүү […]