Талкууга Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин, Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык жана Ош облусттук саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилери, өкүлдөрү катышты.
Жыйында аталган программанын алгачкы 5 жылдыгынын жыйынтыгы, жетишкендиктер жана кемчилдиктер талкууланып, аны аткарууда кошумча практика жүзүндө пайда болгон көйгөйлөрдү, сунуштарды эске алуу менен программанын жаңы редакциясын кабыл алуу сунушталды.
Ошондой эле жаңы программага Ош шаарындагы саламаттык сактоо тармагындагы кадр маселеси, материалдык, техникалык базасы жана Ош шаарында мамлекеттик клиникалык, биохимиялык лабороториялардын жөндөмдүүлүгүн арттыруу, борборлоштурулган лабороторияларды куруу, балдар арасында тубаса оорулардын алдын алуу максатында аткарылуучу бир катар сунуштар берилди.