Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен биргеликтеги таңкы кыдыруусу бүгүн Достук чек ара бекетинин жанында жайгашкан көчөдө болду.
Шаар башчысы бул көчө шаардын босогосунда жайгашканын белгилеп, аймакты тез арада иретке келтирүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Анын ичинде:
– Жолдун боюндагы бардык курулуш имараттардын сырткы көрүнүшүн оңдоп-түзөө;
– Бул жерде жайгашкан муниципалдык базарды, ошондой эле ажаткана менен унаа токтотуучу жайларды талаптарга шайкеш келтирүү;
– Жашылдандыруу;
– Шаардын көркүн бузган унаа жуучу жайларды, техникалык тейлөө станцияларын жана вулканизацияларды башка, ыңгайлуу жакка жылдыруу;
– Оор жүк ташуучу унааларды жолго токтотууга тыюу салуу ;
– Тротуарларга чыгып кеткен мыйзамсыз курулуштарды бузуп алып салуу.