Ош шаарынын А.Навои көчөсүндөгү “Достук” эстакадалык көпүрөсүнүн алдын иретке келтирүү боюнча Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов жеринде тиешелүү мекеме ишкана жетекчилери менен жыйын өттү.
Анда Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына Ош шаарынын А.Навои көчөсүндөгү “Достук” эстакадалык көпүрөнүн алдын иретке келтирүү, «Ош шаарынын мэриясынын борбордук базар дирекциясы муниципалдык ишканасына оперативдик башкарууга өткөрүп берүү, Ош шаардык жолдор муниципалдык ишканасы көпүрөнүн алдындагы темир-бетон блокторду иретке келтирип, мурдагы калыбына келтирүү, Ош шаарынын мэриясынын борбордук базар дирекциясы муниципалдык ишканасына көпүрөнүн алдындагы жер тилкесин темир тосмо менен мыйзамда белгиленген тартипте тосуу иштерин жүргүзүүнү милдеттендирди.
Андан сырткары жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматына аталган аймакта унаалардын каттоосун, токтоосун иретке келтирүү боюнча да тапшырмалар берилди.
Эске сала кетсек аталган көпүрөнүн астында жарандар бир нече жолу түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүнө карабастан өз алдынча соода сатык жумуштарын жүргүзүп келишкен.
Бул өз кезегинде жарандардын коопсуздугун камсыздоо багытында жасалып жатат.