Т. Сатылганов атындагы сейил багында «Алтын туурум–Ата-Журтум» республикалык маданий кароо – сынакта алкагында «Күнөстүү Кыргызстан» балдардын асфальтка сүрөт тартуу сынагы өтүп, жаш балдар бор менен жерге сүрөт тартышты.
Ошондой эле 10 метр бийиктиктеги мамыдагы байгени алып түшүү боюнча «Мамы-Байге», «Кожомкул-Таш» балбандардын оор салмактагы таш көтөрүү мелдештери жана «Сыйкырдуу калем» графикалык сүрөтчүлөрдүн сынактары өтүүдө.