Бүгүн, 31-августта “Сулайман-Тоо” тарыхый мемориалдык комплексинин алдындагы Алымбек-Датка этнографиялык борборунда Кыргызстандын Көз карандысыздык күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда Мамлекеттик Тууну көтөрүү аземи болду.
Желек саптын узундугу 60 метр, желектин узундугу 22.5 метр, туурасы 15 метрди түзөт.
Аземге КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Н. Шакиев, Министрлер кабинетинин төрагасы А. Жапаров, экс-президенттер, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары, бийлик өкүлдөрү, Кыргызстандагы чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын жетекчилери, жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.