А. Сүйүмбаев атындагы Ош борбордук стадионунда 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата жана Н. Исановдун 80 жылдыгына арналган спорттук иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Мелдештердин алкагында өлкөнүн жети дубанынан жана Өзбекстан, Казакстан, Тажикстандан келген спорт сүйүчүлөр “Ордо”, “Айкүр чүкө”, “Оордуктарды көтөрүү”, “Таяк тартыш”, “Кыргыз күрөш”, “Алыш бел боо күрөшү”, “Улуу көчмөндөр күрөшү” улуттук оюндары боюнча күч сынашууда.
Финалга чыккандар 1-2-орун үчүн жана 3-4-орун үчүн ат салышат.