Бүгүн, Эл аралык карыялар күнүнө карата Ош шаарындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен, ооруктун эмгекчилеринен, социалдык жактан аялуу жана жардамга муктаж карыялардын үй-бүлөлөрүнөн кабар алынды.
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, орун басарлары, Ош шаарынын мэриясынын кызматкерлери, муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана өкүлдөрү улгайган жарандардын үйлөрүнө барып, аларга акчалай белектерди жана азык-түлүктөрдү тапшырышты.
Айта кетсек, муниципалдык кызматтар жана уюмдар тарабынан колдоого жалпы 400дөн ашык социалдык жактан аялуу жарандар алынган.
Улгайгандарга сый-урмат көрсөтүү иш-чарасы жарыяланган бир айлыктын алкагында өткөрүлдү.