Алгач чогулган элге аймактык башкармалыктын башчысы 2023-жылы аткарылган жумуштар боюнча баяндама жасап, алдыда аткарылуучу жумуштарды тизмектеди.
Суроо-жооп учурунда аймактын жашоочулары социалдык, коммуналдык, турак-жай маселелерине байланышкан жана аймактын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча көйгөйлөрүн айтышты.
Мэр Бакытбек Жетигенов жергиликтүү калк тарабынан айтылган суроо, сунуштарын угуп жооп берди. Ошондой эле, жергиликтүү маанидеги маселелер менен жеринде таанышып, көрүп чыгарын, чечүү жолдорун бирге карай турганын белгиледи. Чечүүгө мүмкүн болгон маселелерди тез арада карап чыгуу боюнча тиешелүү кызматтардын жетекчилерине протоколдук тапшырмалар берилди.