27-февраль күнү Бабур атындагы театрда Эне тилдин эл аралык күнүнө карата жарыяланган 10 күндүктүн жыйынктыктоочу иш-чарасы болуп өттү.
Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы М.К. Мураталиевдин “Кыргыз таануу” окуу-курсу өткөрүлүп, чыгармачыл топтор тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.
Ошондой эле, 10 күндүктүн алкагында жүргүзүлгөн иш-чараларга активдүү катышып, эне тилин даңазалагандар Ош шаарынын мэриясынын жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын Ардак грамоталары, Алкыш жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.