Эртең, 10- июлдан тарта Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасы 7-номердеги жаңы автобустарды каттамга чыгарат.
Шаардагы 107-маршруттар каттамдан чыгарылып, ордуна ордуна 7-автобус каттамы коюлат. Жалпы 20 автобус Курманжан Датка аймактык башкармалыгынан(Юго-Восток) АЭРОшаарчага чейинки аралыкты камтыйт. Анда 14 аялдама болуп 6-7 мүнөттүк аралык менен иш алып барат.
Эскерте кетсек Ош шаарына 100 автобус алынып келинген. Буга чейин каттамга 43-автобус чыгарылып, учурда жүргүнчүлөрдү тейлөөдө. Автобуста 25 олтургуч болуп, сыйымдуулугу 56 жүргүнчүгө ылайыкташкан. Салондо уюлдук аппаратты кубаттаган түйүн жана шамалдаткыч бар.