Бүгүн, Ош шаарынын аймагында жашоого кооптуу деп табылып, көчүрүүгө зарыл болгон турак жайлар боюнча тийиштүү иш-чараларын уюштуруу максатында эвакуациялык комиссиясынын жыйыны болуп өттү.
Жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары, эвакуациялык комиссиясынын төрагасы Сонунбек Жунусбаев, жарандык коргонуу, жер ресурстары кызматтарынын, муниципалдык ипотекалык, аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышты.
Жыйында турак үйлөрү кооптуу аймакта жайгашкан жашоочулар коопсуз жайга көчпөй жаткандыгынын негизги себептери айтылып, аларды көчүрүү, кайрылган жарандардын маселесин угуу боюнча аткарылып жаткан иш-аракеттер тууралуу маалыматтар берилди.
Соңунда тишелүү кызматтардын жетекчилерине кооптуу аймактарда жашаган калкка тийиштүү жардам көрсөтүү менен катар, жер тилкелерин бөлүп берүү, же болбосо муниципалдык ипотекалык шартта үй алуу сунушу берилип, жеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмалары коюлду.