Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин күнүмдүк рейддик кыдыруусунда берилген тапшырмасына ылайык, Исхак Раззаков көчөсүндө туурасы 3 метр, жалпы узундугу 2 чакырымдан ашык аралыктагы тротуарды куруу иштери жүрүп жатат.
Шаар башчысы буга чейин тиешелүү кызматтарга аталган көчөнүн боюнда жайгашкан мыйзамсыз тосмолорду, курулуштар алып салуу менен бирге, тротуарларды куруу боюнча тапшырмаларын койгон.
Эскерте кетсек жолдун бул тарабында тротуар болгон эмес. Мыйзамсыз курулуштарды бузуу жана иретке келтирүү менен тротуар курууга мүмкүнчүлүк жаралды.