Бүгүн, 18-апрель “Ош Нуру” мейманканасында Кыргыз Республикасынын соода-өнөр жай палатасынын президенти Т. А. Сариев ишкерлер менен жолугушту.
Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Юсупов Замир Байышович, жергиликтүү жана аймактык ишкерлер катышты.
Жолугушууда негизги маселе катары ишкердүүлүктү алдыга жүргүзүү жана жаңы долбоор баштагандарга колдоо боюнча сунуштар айтылып, ишкерлерге Ардак грамоталар тапшырылды.