Ош шаарынын мэриясынын алдындагы мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын мүчөлөрү жана муниципалдык менчик башкармалыгынын, монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын кызматкерлери биргеликте “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы көрнөк-жарнактарды текшеришти.
Аталган аймактын Масалиев көчөсүндө жайгашкан 35 соода-сатык жай текшерилип, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тил жөнүндө» жана «Жарнак жөнүндө» мыйзамдарынын талаптарын сактабаган коммерциялык жайлардын 8 ээсине тиешелүү көрсөтмөлөр жана эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Рейддик иш-чаралар бардык аймактарда өткөрүлөт.