Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев шаардагы муниципалдык мекеме-ишканалардын, укук коргоо органдарынын жетекчилери менен Алымбек-Датка аймактык башкармалыгына караштуу Кең-Сай жаңы конушунда кезектеги көчмө аппараттык жыйынын өткөрдү.
Ага Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, Ош шаарынын прокурору Бакытбек Сыдыгалиев, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Дамирбек Исаков катышты.
Алгач тиешелүү кызматтар Кең-Сайдан жеке тараптарга берилген жер аянттары жана инфраструктурасын жакшыртууга бөлүнгөн каражатка эмне жумуштар жасалгандыгы боюнча жалпы маалымат беришти.
Көчмө жыйында шаар башчысы элдерге берилген жер аянттарынын так санын жана ушул күнгө карата курулган турак жайлардын тизмесин берүүнү, берилген жер аянттарынын токтомун мыйзам чегинде жокго чыгаруу боюнча иш алып барууну тапшырды.
Эске салсак Кең-Сай массивинен Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2011-жылдагы токтому менен жалпы Ош шаарынын 3224 жаранына жеке менчик үй куруу үчүн жер тилкелери бѳлүп берилген. Андан сырткары соц обьектилер, кызмат көрсөтүүчү коомдук жайлар үчүн да орундар каралган.