Бүгүн, 8-августта Т.Сатылганов атындагы эс алуу багында Ооган согушуна 1979-жылы Ош шаарында жайгашкан 860 полктон Памир-Ишкашим аркылуу Ооганстандын Файзабад провинициясына барып, Ооган согушуна катышып келген ардагерлер 45 жылдан кийин жолугушуп, курман болгон жоокерлерди эскеришти.
Эскерүү иш-чарасына Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Оштогу Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Какан Эралиев, Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Германия жана башка КМШ өлкөлөрүнөн келген Псков Кызыл Туу ордендүү 860-өзүнчө мотоаткычтар полкунун 120га жакын ардагерлери, Ош гарнизонунун өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө мемориалдык комплекстеги өчпөс отко гүл коюлуп, салют атылып, курман болгон интернационалист жоокерлердин ээлесине дуба окулду.
Тарыхта айтылуу өткөөл “ПАМИР МАРШЫ” деп аталып калган.
Белгилей кетсек, полк Ош шаарынан 36 күндүн ичинде кышында Памирдин эң татаал 10 бийик тоо ашууларын, анын ичинде СССРдеги эң бийик Ак-Байтап ашуусун (4655 м) басып өткөн.