Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев башында турган топ Ош шаарында кечки убакытта коомдук транспорттун абалын текшерүү, жакшыртуу, жол кырсыктарынын алдын алуу максатында көзөмөл жүргүзүүдө.
Учурда “Ош шаарынын мэриясынын жүргүнчүлөр транспортунун агенттиги” муниципалдык ишканасынын, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан коомдук транспорттун техникалык, санитардык кемчиликтери, айдоочулардын жүргүнчүлөргө болгон тейлөө мамилеси, жол коопсуздугунун эрежелерин сакталышы текшерилип жатат.