Бүгүн Ош шаарынын мэриясынын алдындагы коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыздоо боюнча координациялык кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү.
Отурумга, координациялык кеңештин мүчөлөрү, укук коргоо органдарынын жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Күн тартибинде төмөнкү эки маселе каралды:
– КР Президентинин “Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясы жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Ош шаарынын мэриясынын “Ош шаары боюнча Улуттук коопсуздук концепциясынын 2022-2025-жылдарга кабыл алынган программасын” аткарылышы боюнча;
-Ош шаарык ички иштер башкармалыгынын 2024-жылдын 5 айлык убакыт ичинде кылмыштуулук менен күрөшүү, бетин ачуу жана болтурбоо үчүн жүргүзүлгөн профилактикалык иш-аракеттер жөнүндө”.
Отурумдун жыйынтыгы боюнча профилдик кызматтарга жана ведомстволорго жаштар арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды күчөтүү, жер-жерлерде муниципалдык аймактык башкармалыктар менен ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү боюнча тийиштүү тапшырмалар берилди.