Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, шаардык прокуратуранын өкүлдөрү, жогорку жана орто окуу жайлардын жетекчилери менен билим берүү тармагындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жумушчу кеңешмесин өткөрдү.
Жыйында 14-35 жаштагы жарандар арасында “Баардыгы коррупцияга каршы!” аталышындагы эл аралык сынак тууралуу сөз болду.
Ошондой эле, ар бир билим берүү мекемесинде коррупцияга каршы иш-чараларды уюштуруу, жолугушууларды өткөрүү боюнча сүйлөшүлүп, бул багытта аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалыматты жеткирүү боюнча тапшырмалар берилди.